Кубанычбек Кулматовго кылмыш иши козголобу…

Бажы кызматкерлери 354 жүк ташуучу унааны бажыдан трактор деп каттап
өткөрүшкөн. Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу
башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2011-жылдын 15-ноябрынан 2012-жылдын 10-январына чейин өлкөгө 354 оор
жүк ташуучу унаа импорттолгон. Бул унаалар «8704» коду менен катталышы керек жана бажы  төлөмү 10 пайыздык көрсөткүчтү түзөт.
Бирок бажы кызматкерлери аталган унааларды декларацияда «8701» коду менен тактап айтканда,
трактор деп көрсөтүп өткөрүшкөн. Себеби, тракторго бажы төлөмү алынбайт. Натыйжада
мамлекетттик бюджетке 30 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Белгилей кетсек, бул кылмыш иши катталган убакта Бажы кызматын Кубанычбек Кулматов жетектеп
турган.

Булак:fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу