Кубанычбек Кадыров: Отунбаева мага “Атамбаев алдап жатат”, деп айтып…

—2009-жылы болгон президенттик шайлоодо сиз Атамбаевдин ишенимдүү адамы болуп, Ысык-Көл облусуна жоопкер болдуңуз. Ошондо шайлоо күнү Атамбаев талапкерлигин алып салбады беле. Ичип алып ошол кадамга барганбы же башка себептери болгонун уккансызбы?

Анын ичип жүргөнүн баарыбыз эле билебиз. Эмне үчүн алып салганы боюнча мага жеткен маалыматты биринчи жолу айтып жатам. Мага жеткен маалымат боюнча “Максим менен жашыруун сүйлөшүү болду, ортого Сапар Исаков түшкөн, Максимден 3 млн доллар алды, ошон үчүн талапкерлигин алып салды” деп айтышкан. Муну КСДПда Атамбаевдин тегерегинде жүргөндөрдөн уккам. Чын же калп экенине кызыккан эмесмин. Бирок, “Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт” дейт. Талапкерлигин алып салуу катты Бешимовго шылтабадыбы. Бирок, Отунбаева мага “Атамбаев алдап жатат. Ошол кезде Атамбаев экөөбүз сүйлөшкөндө текстти өзү даярдап койгонун столдун үстүнөн көрүп калдым” деп айткан.  Сапар Исаков абдан тез көтөрүлдү, ишенимдүү адамына айланды. Мага айтышкан маалымат ушул логика менен чындыкка тете болуп жатпайбы.

Булак: “Жаңы ОРДО”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу