Кубанычбек Анашев: “Сибирь чөлкөмү боюнча бир айда алты-жети “Жүк-200дү” жүрөк канап жөнөтөбүз”

Педогогикалык жана юридикалык эки жогорку билимдин ээси, элим деген кыргыз кулуну, мекенчил агабыз Кубанычбек АНАШЕВ кыргыз өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн Сибирь федералдык округу боюнча өкүлү. 2002-2006-жылдары Иркутск шаарында кыргыз диаспорасынын өкүлчүлүгүн алгачкылардан болуп түптөп, иш алып барган, 2006-2009-жылдары КР элчисинин алдында Сибирь регионунун миграция кызматынын коомдук өкүлү, 2009-2012-жылдары КР элчилигинин алдында Сибирь регионун Красноярск шаарындагы миграция өкүлү болуп иштеген. 2012-жылга чейин биринчи мөөнөттө эмгектенип, андан соң 2016-жылдан бери кайрадан бул өкүлчүлүктө иш алып барып келет.

 Алыскы сибирь округу жана кыргыздар

— Сибирь федералдык округунда 12 регион бар эле. Андан азыр эки регион Ыраакы Чыгыш федералдык округуна берилгендиктен, он федералдык облус бар. Анын ичинде эки край, үч республика: Тыва, Хакасия, тоолуу Алтай республикалары, Красноярск, Алтай крайлары. Сибирь регионунда он регион калдык деп жогоруда белгилеп кеттим. Ушул он региондо тең биздин мекендештерибиз эң көп иштеп, отурукташып, азыркы мезгилде өздөрүн-өздөрү толугу менен камсыздап, андан сырткары, Кыргызстандагы туугандарына жардам берип, инвестиция салып жатышканы чындык кеп. Кыргызстанга өз салымдарын кошуп, жолдорду оңдоп, мечиттерди салып, мектептердин ремонт иштерине жардамдашып, миллиондогон каражат таап калган мекендештерибиз бар. Бул бизди, албетте, кубандырат. Ошонун жолун таап эмгектенип жүргөн мекендештерибизге ийгилик гана каалай кетсек болот. Эмнеге дегенде, аты эле айтып тургандай, бул жакта суук, 5-6 ай кычыраган суук болот. Эң көп мекендештерибиз Сибирь боюнча Новосибирск шаарында көп. Новосибирскиде 60-70 миңден ашуун мекендештерибиз отурукташкан. Жайкы сезондо 70 миңге чейин жетет. Диаспораларда иштеген балдар менен күнүгө катташып (жолугушуп), сүйлөшүп турабыз. Ал эми Краноярск шаарында 40-50 миңдей калк бар. Андан кийинки орунда Иркутск шаары турат. Ал жерде дайыма каттоодон өткөн 15-20 миңдей, жайкы сезон убагында 25 миңдей мекендештер бар. Андан кийин Омск шаарында 10 миңдин тегерегинде, Хакасиянын Абакан шаарында 10-12 миңдей, Тыва республикасынын Кызыл шаарында 3 миңдей кыргыздар бар. Кийинки кезекте Томск шаары турат. Томск – бул илимий шаар болгондуктан 2 миңдей кыргыз студенттер билим алып, тарбияланып жатат. Барнаулда, Тоолуу Алтай республикасында кыргыздар азыраак. Миңдей мекендештерибиз эмгектенет.

 Мекендештер укугу дайыма корголот

— Кыргыз өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын Орусия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн жобосунун негизинде Орусияда жашап жана эмгектенип жүргөн биздин мекендештерибизге укуктук жактан жардам берип, юридикалык кеңештерди айтып, ишкана, мекемелердин жетекчилери менен түз байланыш түзүп, иш орундары менен камсыздап, айлык маяналары кечиккен учурда же алалбай калган убакта укук коргоо органдары, прокуратура, тергөө комиттерине кайрылып мыйзам чегинде маяналарын алып берүүгө жардамдашабыз. Кыргыз диаспораларынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен маданий, спорттук иш-чараларды уюштурабыз. Жергиликтүү өкмөттүк уюмдар менен биргеликте биздин жарандардын укугун коргоп, соттук отурумдарга катышып турабыз. Биздин жарандар социалдык жактан да камсыздалып, ЕАЭБге киргенден кийин ошол союздун негизинде коргоолор каралган. Эмгек келишиминин негизинде бул жактан атайын медициналык камсыздандыруу боюнча ОМС алып дарыланууга акылары бар.

 “Жүк-200” жүрөктөрдү оорутат…

— Мекенибизден өтө алыста, жан чыдаткыс суукта – Сибирдебиз. Бул жакта ар кандай тагдырлар болот. Өзүбүздүн жерибизде жүрбөгөндөн кийин ар кандай тагдырларга дуушар болушат. Жетишкендиктерге, чоң ийгиликтерге жетишкен мекендештерибизге биз сүйүнөбүз. Тескерисинче, кыйынчылыктарга учурап калгандары болот. Аларга колдон келген жардамыбызды берип, акыл-насаатыбызды айтабыз. Мыйзам түрүндө алардын укуктарын коргойбуз. Биздин негизги жумуш болгондуктан, дайым жардамга даярбыз. “Жүк -200” болуп бул жактан каза таап калгандарга айрыкча жүрөгүбүз ооруйт. Эмгекке жарамдуу, кырчындай курактагы мекендештерибиз жаш эле каза таап калганына кантип жүрөк ооруп, ичибиз ачышпасын? Тагдыр экен. Жараткан ошондой тагдырды насип эткен экен. Каза тапкандан кийин ата-энесине, урук-туугандарына, жерине жеткирүү иш-чараларын дайыма аткарып келебиз. Диаспора жетекчилери да мындай жагдайда катуу иш алып барышат. Алар менен да биз тыгыз иштейбиз. Ар бир шаардын диаспора жетекчилери маркумдун сөөгүн Кыргызстанга узатууда күн-түн дебей иш алып барышат.

Региондорго байланышып, диаспора жетекчилеринен ай сайын маалымат алып турам. Орто эсеп менен алганда, Сибирь федералдык округу боюнча бир айдын ичинде 3-4 кээде 6-7 “Жүк-200гө” жетип кетет. Тилекке каршы, ушундай учурлар да болуп калат. Мисалы, декабрь айында эле Красноярскиден 3, Иркутскиден 3 “Жүк-200” болду. Буга ар кандай себептер бар. Апасы кызын сайып алган учур болду. Жакында Иркутскиде декабрь айында 12 жашар кыз асынып алды. Бул иштер боюнча азыр тергөө амалдары жүрүп жатат. “Ушундай окуялар болбосо экен” деп тилейбиз. Бирок, тилекке каршы, болуп калат. Ошондой болгондон кийин диаспора жетекчилери менен биргеликте колубуздан келген жардамыбызды беребиз. Жумуш учурунда каза болгондор болду. Ал жарандын үй-бүлөсүнө иш берген адамдардан “компенсация төлөнсүн” деп материалдык жардамдарды алып берип жатабыз.

 Өлүмдөрдүн себептери

— “Адам бар жерде өлүм бар” дегендей, “Жүк-200” ар кандай учурларда болот. Жашы жетип, өз ажалдары менен каза болгондор жокко эсе. Бул жакта жүрүп ооруп калышат. Жакында Красноярскиден бир күндүн ичинде эки “Жүк-200” жөнөттүк. Бирөөсү инсульт болуп калыптыр. Экинчиси дагы үйүндө жатып уктаган боюнча турбай кете бериптир. Жумуш убагында техникалык коопсуздукту сактабаган учурда ар кандай кырсыктар болуп кетет. Адам баласы экенбиз, эртең бизди кандай күндөр күтүп турганы белгисиз. Кандайдыр бир криминалдык учурларда каза тапкандар бар. Бирок, андайлар аз. Москвада, чоң шаарларда болушу мүмкүн. Бирок, Сибирде андай окуялар жокко эсе.

 Кыздар жана таштанды бөбөктөр

— Кыздарыбыздын өзүн алып жүргөндөрү биз безилдеп күйгөндөй эле. Чоң шаарлардагыдай масштабдуу эмес. Бирок биз билебиз, кабарыбыз бар. Аларды тыюуга укугубуз жок. Диаспоралардын “Аксакалдар кеңеши” бар, ошолор аркылуу акылдарыбызды айтып, жаштарды тарбиялоого маалыматтарды жеткирип жатабыз. Тилекке каршы, кыз-келиндерибиз бул жактан төрөп, балдарын төрөт үйлөрүнө таштап кеткен учурлар кездешет. Бир баланы таштап кетсе кейийбиз. Жардам беребиз. Мисалы, 2010-жылы бир эле төрөт үйүнө үч баланы таштап кетишкен экен. Биз үчүн бул оор көрүнүш. Аларды документештириш керек. Бул жакка балдар үйүнө алаарда энелеринин макулдуктары керек болот. “Ал кимдин ымыркайы, ким таштап кетти?” деп издөөгө туура келет.

Өкүндүргөн жаштар

— Дагы өкүнө турган нерсе, жаштарыбыз бул жактын мыйзамын билбей башка чөйрөгө туш келип, ар кандай алданууларга дуушар болушат. Эмгек кылбай, көчө таптап же кара курсактары үчүн гана күн көрүп жүргөндөрү бар. Жаман топторго кошулуп, жаман иштерге баргандары да арбын. Адам болгондон кийин ар кандай иштерге барышат экен. Баардыгынын артынан көзөмөлдөп жүрүш деги эле мүмкүн эмес. Алар менен диаспоралар аркылуу биргеликте жыйналыштарда, спорттук мааракелерде таалим-тарбия иштерин жүргүзөбүз.

 Диаспоралар ынтымагы

— Сибирь федералдык округундагы региондор ортосунда диаспоралар карым-катнашы аябай жакшы. Буга себеп, биз Сибирь федералдык округунда “Мекендештер” деген региондор аралык конгрессибиз бар. Бул конгресс 2010-жылдан бери иштеп келе жатат. Биз бул жакта шеринелерди, улак тартыш ж.б. спорттук мааракелерди, юбилейлерди өткөрүп турабыз. Жакында эле биздин сыймыгыбыз болгон жазуучубуз, дипломат, гуманист Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесин Сибирь региондук округунда да өткөрдүк. Чоң мааракелер Томскиде, Новосибирскиде, Краноярскиде жогорку деңгээлде белгиленди.

 Жамиля НУРМАНБЕТОВА

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу