КТРК «Достук» радиосунун ди-джейи Нуркыз Үсөнова: «Мырза өзүнүн жанындагы айымдан жогору туруш  керек»

Толук аты-жөнү- 

Үсөнова Нуркыз Үсөновна

Жаш ченеми-

24

Жылдыз белги- Текечер

Билими?

 Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин, биология факультетин аяктагам

 Жердиги?

 Кереметтүү Кетмен-Төбө өрөөнүнүн кызы болом. Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Токтогул районунун Терек Суу айылында төрөлүп өскөм.

 Иштеген жериңиз?

КТРКнын «Достук» радиосунда ди-джей болуп жана кошумча мамлекеттик жумушта  эмгектенем.

 Жер которууга даярсызбы?

Даярмын, бирок, бир өмүр эмес. Башка мамлекеттерге барып келгенмин 5-6 айга, бирок, канча өнүккөн мамлекет болсо да өз өлкөмдү эч нерсеге алмаштыра албайм.

Жашоонун күтүүсүз белектерине даярсызбы?

Албетте жакшы белектерге. Жашоо негизи ак- кара менен айкалышып турат эмеспи. Эгер жашоо мага күтүүсүз жакшы белектерди даярдаган болсо анда аны  кабыл алууга даярмын.

Кайын журт менен бирге түтүн булатууга кандай карайсыз?

Менин келечектеги жашоомо тиешелүү суроо экен. Бул нерсени ойлонуп көргөм. Эч кандай каршычылыгым жок. Анткени, менде да ата-эне бар, үйдө калчу кичүү иним бар. Бул маселеден эч кооптонбойм. Кандай мүнөздөгү кайнене. кандай мүнөздөгү кайната болбосун, алардын баласы менен жашап жаткандан кийин өз ата-энемдей көрүп, сыйлап алганга аракет кылам.

Мыкты аялзаты кандай сапаттарга ээ болушу керек?

Менин оюмча баардык жакшы сапатка ээ болуш керек деп ойлойм. Эми баардык адамга бирдей жагып, алардан көңүлүнөн чыгыш кыйын. Мен дагы бирөөгө жаксам башкага жакпашым мүмкүн. Негизи, мыкты аял заты болуш үчүн,  үй-кызматын жакшы билиш керек, кечиримдүү, адамдарды сыйлап, кичи пейил болуш керек деп эсептейм. Ошондуктан  мыкты аялзаты ушул сапаттарды камтышы керек.

 Жан дилиңиз менен даярдаган даам?

Аш баскан жагат.Анткени мен үчүн оңой тамак, ошону бирге эле салат жана таттууларды жасаган абдан жагат. Көңүлүн келип турса,тамак жасагандан артык жакшы нерсе барбы. Эгер жанымда мени эриктирбей сүйлөп,  колдоп турган адам болсо ашканада баардыгын жасай берем.

 Чыныгы мырза сиздин көз караш менен?

Мырза өзүнүн жанындагы айымдан жогору туруш  керек деп эсептейм. Байлыгы, бийлиги менен эмес, акылы менен. Эгер ал сенден акылдуурак болуп турса, сен каалайсынбы, каалабайсынбы баш ийип каласын да. Айткан сөзгө турган чечкиндүү мырза болсо анда мен абдан сыйлайм. Анткени, айымдардан бул сапаттар билине бербейт а мырзалардан байкалып калат эмеспи.

Алтынга тете мүнөзүңүз?  

Көпчүлүгү аракетчилдигимди, тырышчаактыгымды баалашат. Кудайга шүгүр аракетимдин аркасында ушул күнгө ушул учурга жетип отурам.

 Сөзгө бексизби?

Ооба сырга жана убадага бекмин. Кимдир бирөө мага сырын ишенип айтып жатса аны сактайм. Менин бир жакшы жерим бар, унутчаакмын. Сырын айткандан кийин унутуп койгонум жагып кетет. Эми ар кимдин өзүнүн жашоосу бар да. Убагында ойлонуп, эстеп койом. Бирок унутчаактыгымдын айынан сырды бекем сактап, бек болуп кетем.

Убадага турганга аракет кылам. Ошол эле учурда унутчаактык сапатымдын кесепетинен кээ бир учурларда убадага турбаган киши болуп чыга келгеним менен аракет кылам унутпаганга, жоопкерчиликтүү болгонго.

Өзүңүз жөнүндө кызыктуу фактылар?

Бир нерсеге кызыгуум бат келет. Бир жылдары «токуучулук» кызыгуу абдан келип, курска жазылып алгам. Жумуштан 17:30 да чыксам түз эле курска барам, ал жактан болсо үйгө келгиче кечки саат 22-23 дөр болуп калат. Ошол мезгиде эмнегедир баардык жумушумду таштап койгом. Оюмдун баары  кооз-кооз жоолуктарды жана башка көптөгөн нерселерди токуганды үйрөнүп алуу эле. Буга айланадагыларымдын баардыгы терс көз- караш менен карашкан. Бирок, өжөрлүгүмдөн аны да үйрөнүп алгам.

Хоббиңиз?

Ырдоо, китеп окуу жана сейилдөө.

Өзүңүздүн алтын эрежеңиз?

Эч кимге жаман айтпоо, көңүлүн калтырбоо. Бироо жаман сөз айтса деле бир аз капа болуп кайра унутуп койом. Себеби, көп деле ойлонуп, эстегим келбейт. Жашоомду жаллаң жакшы мүнөттөр менен толуктагым келет. Ансыз да өмүр аз. Негативке орун жок.

Сизди издеген адам кайдан таба алат?

КТРКдан, фейсбуктан жана инстаграммдан NURKYZ USONOVA деп тапса болот.

Маектешкен: Жунусова Элнур

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу