«КТРКнын жамааты Карыпбековдун калышын каалап жатканы калп»

Бул тууралуу КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү Кубатбек Болотканов“Марал” радиосуна берген маегинде учурда мурда монополист болуп турган КТРК жок экенин билдирди.

Анын айтымында, азыр башка каналдар дагы көп. Андыктан КТРКга башка каналдар менен атаандаша алган жетекчи келиши керек.

«Экинчиден, азыр ар бир адам журналистке айланды. КТРКга келип тартып, аны монтаждап эфирден чыгарганча социалдык тармактар аркылуу окуяны 10-20 миң киши көрүп коюуда. Ошондуктан мезгил менен кошо чуркаган телени жетектеп кете алган директор келиши керек», — дейт Болотканов.

Ал мындан сырткары КТРКнын учурдагы негизги көрсөтүүлөрүнүн көпчүлүгү мекеменин мурдагы жетекчиси Кубат Оторбаевдин убагында ачылганын белгиледи.

Болотканов КТРКнын жамааты мекеменин учурдагы жетекчиси Илим Карыпбековдон экинчи ирээт талапкерлигин коюшун суранып жатат деген маалыматты четке какты.

«Коомдук телерадиоберүү корпорациясында эч качан эч кимди суранбайт. Эгер кайсы бир киши кол койгон болсо, анын баары күч менен койдурулат. КТРКнын жамаатынын ой-пикири такыр башка. Азыркы жетекчиликтин тушунда эл оозуна алынган берүү болгон жок. Бул жерде чоң жаңылык издөөнүн кереги жок. Карыпбеков буга чейин эл алдында КТРКнын башкы директорлугуна экинчи жолу талапкелигин койбойм деп айткан болсо, жыйынтык чыгарууга азыр да кеч эмес», — дейт Болотканов.

Белгилей кетсек, Карыпбеков буга чейин КТРКнын кызматкерлери анын кызматта калышын каалап, байкоочулар кеңешине, Жогорку Кеңешке жана президенттин дарегине кат жолдошконун айтып, эмгек жамаатынын колдоосун аягына чыгаруу үчүн кийинки ачык шайлоого катышарын белгилеген.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу