КСДП эки мүчөсүн партиядан чыгарды

КСДП 9-август күнү саясий жыйынга чогулуп, бир катар маселелер боюнча чечим кабыл
алышкан. Бул тууралуу аталган партиянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө
Сагынбек Абдрахманов менен Ренат Самудиновду
КСДПнын катарынан чыгарылды. Буга
Абдрахмановдун партиянын чечимине баш ийбей
президенттикке талапкер болгону, Ренат
Самудиновдун партиянын ички тартибин бузганы
себеп болгондугу айтылат.

Ал эми Ренат Самудинов
партиянын ишин кескин сындаганы үчүн куугунтукка
кабылганын билдирүүдө. Эске салсак, буга чейин Ренат Самудинов КСДПнын жаштар канатынын
мурдагы лидери болгон.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу