КСДП фракциясы И.Жолдубаевага каршы, бирок өкмөттү колдойт…Жээнбеков жана Атамбаев тирешүүсү уланат…

11-апрелде Сапар Исаковдун өкмөтү КСДП фракциясынын алдында өткөн жыл боюнча отчет берди. Фракция отчетту жактырды. Мындан кийин өкмөт башка фракцияларда да отчет берип, соңунда Жогорку Кеңеш алдында жооп берүүгө тийиш. Жогорку Кеңеште отчет кандай кабыл алынары белгисиз.

Бирок КСДП фракциясынын отчетту жактыруусу Сапар Исаковдун өкмөтү үчүн көптөн берки биринчи жагымдуу жагдай. Анткени КСДП фракциясы 11-апрелде Башкы прокурор Индира Жолдубаеванын кызматтан кетүүсүн Жогорку Кеңеште жапырт колдоп добуш бергенде Сапар Исаковдун өкмөтү да терс баа алып калат деген күмөн пайда болгон. Анын үстүнө маалымат каражаттарында КСДП фракциясынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү Сооронбай Жээнбеков тарапка өтүп, алар өкмөттү алмаштырууга багыт алганы айтылып жаткан.

КСДПнын колдоосу өкмөттүн сакталып калуу мүмкүнчүлүгүнөн кабар берет. Эгерде эле кайсы бир фракция коалициядан чыгып, өкмөттүк кризисти пайда кылбаса …

Сапар Исаковдун өкмөтү да катуу жандалбастап жатат. “Акылдуу шаар” долбоорун ылдамдатып, “Кыргызэнергонун” башчысы Айбек Калиевди кызматтан бошотуп, Өмүрбек Текебаевдин камерасына коюлган видеобайкоону алып салып дегендей…

Кыскасы “балдар” ачык түрдө жана ылдамдап өздөрүн тарбиялуу жана иштиктүү көрсөтүүгө умтулууда.

Бирок Сапар Исаковдун өкмөтүнүн сакталуусу бийлик сересинде тирештин кала беришин кепилдейт. Анда Жээнбеков жана Атамбаев тирешүүсү уланат. Бул тиреш учурда маалымат каражаттарында жана социалдык түйүндөрдө абдан катуу жүрүп жатканы белгилүү.

Булак: Элньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу