КСДП ПРЕМЬЕР-МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЛЫГЫНА ЗИЛАЛИЕВДИ ЖАНА АБДЫГУЛОВДУ КӨРСӨТӨТ

КСДП премьерликке Исаковду, орун басарлыкка Зилалиев менен Абдыгуловду сунуштоодо. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына аталган фракциянын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясы өкмөттүн курамын эртең 24-августта карайт, анда премьер-министрликке президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлиги каралууда.

Ал эми  биринчи вице-премьерлик кызматка Өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев менен Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов каралууда.

Ошондой эле депутат  өкмөттүн курамына өзгөртүүлөр каралып жатканын, жаштар негизги талап болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек,  Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 15-июлдагы КСДПнын 16-съездинде президенттикке талапкер болуп көрсөтүлгөн.

Ал эми 21-августта өкмөт башчы отставкага кеткен жана  БШК Жээнбековду  өлкө башчылыгына талапкер катары расмий каттады.

Булак:Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу