КСДП Жылдыз Мусабекова боюнча чечим чыгарды

Кечээ, 9-августта Бишкекте КСДПнын саясий кеңешинин отуруму өттү. Бул тууралуу партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада журналист Үпөл Анаркулова менен Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Жылдыз Мусабекованын интернетке тараган телефон аркылуу сүйлөшүүсү талкууланды. Саясий кеңештин мүчөлөрү бул аудиожазуулар КСДПга көлөкө түшүргөнүн айтышты. Ал эми Мусабекова аудиожазуу бурмаланганын айтып, сотто далилдей турганын билдирди. Жыйынтыгында депутаттын жоопкерчилиги соттук териштирүүдөн кийин карала турган болду.
Эске салсак, ушул жылдын 27-апрелинде депутат Жылдыз Мусабекова «туура эмес маалымат жазгансың деп» журналистти коркуткандыгы маалымдалган. Көп өтпөй журналист экөөнүн телефондогу сүйлөшүүлөрүнүн аудиожазуусун жарыялап, 12-майда бир катар бийлик бутактарына кайрылуу катын жолдогон. Өз учурунда депутат журналистти сөкпөгөндүгүн, аудиожазуу монтаж экенин айткан. Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети бул маселени карабай фракцияга жиберген эле. Фракция ушул кезге чейин депутаттын жоругун карай элек. КСДПнын лидери фракция депутаттын бул ишин кароого даяр экенин айтканы менен, Мусабекова ооруп калгандыгын айтып, 5 жолку жыйынга келген жок. Анаркулова фракция бул маселени парламент каникулга тараганга чейин создуктуруп жүрүп, каникулдан кийин унуткарып жиберүү аракетин көрүүдө деген оюн айткан.

 

Булак: Супер.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу