КСДП жеке кызыкчылык үчүн “жармашып” жүргөндөрдөн тазаланууда

3-июлда интернет булактарына өзүн КСДПнын мүчөсү деп эсептеген Сагынбек Абдрахмановдун интервьюсу жарыяланган. Анда ал КСДП партиясынын ишин Алмазбек Атамбаевсиз улантуу демилгеси көтөрүлүп жатканын билдирген.

Ошол эле күнү “Азаттык” радиосуна КСДП саясий партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева: »КСДП партиясы жеке кызыкчылык жана кызмат үчүн “жармашып” келгендерден тазалануунун татаал этабын башынан өткөрүп жатат» деп билдирди.

“КСДПнын кезексиз курултайын чакыруу тууралуу жазууда, оозеки да чечим же реалдуу кадамдар жасалган жери жок. Легитимдүү курултай өткөрүш үчүн төраганын жана
партиянын борбордук органынын чечими керек. Райондук жыйындарды партиянын район боюнча куратору чакырат.

Облустук координатор деген кызмат бир нече жыл мурда жоюлган. Уставга ылайык, башка иш-чаралардын баары конференция деп атала албайт жана партиянын айрым мүчөлөрүнүн жыйыны деген макамга ээ” деп билдирди К. Жолдубаева.

«Айгай-пресс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу