КСДП депутаты Жылдыз Мусабекова 5-жолу фракциянын отурумуна келген жок

Эл өкүлү 16-июндагы өзүнүн жүрүм-туруму карала турчу партиялаштарынын кезектеги
отурумуна келбей койду. Фракция лидери Иса Өмуркуловдун айтымына караганда
Мусабекова ооруп калыптыр, бирок анын иши депутаттар каникулга чыкканга чейин
каралаарын белгиледи.
2-майда интернетке Жылдыз Мусабекова жана “Алиби” гезитинин журналисти Үпөл
Анаркулованын телефондо сүйлөшүүсүнүн аудиосу жарыяланган. Депутат анда
журналистти оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, коркуткан.
Эске салсак, мурда Жылдыз Мусабекова бийликчил деп айтылып жүргөн “Фабула”
гезитинде башкы редактор болуп иштеген.

Булак: “Заноза”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу