КСДП “Банщик” жөнүндө бир шингил

Тээ бир топ убактан бери келе жаткан, бийликтин партиясында эмгек сиңирген КСДПчы бар, ал Мирбек Асанакунов. Бул киши жөнүндө айта турган болсок сөз абдан көп, анткени анын кылыктары бир топ бар да. Мисалы, бир мезгилде мындан 3-4 жыл мурун Асанакунов Ысык-Көл облусуна губернатор болуп дайындалат, ал жерде алгылыктуу иштей албай, көлдүктөрдөн бир көп ачуу сөздөрдү угат. Андан соң “служебный роман” деген ызы-чуу менен акыры ал кызматтан алынат.

Бирок, анын кетиши “служебный роман” эмес, анын себеби баягы эле паракорлук болгон. Ысык-Көлдү өнүктүрүү Фондусунан, ал колтойгон акчаларды жеп алды деген кеп чыккан, ал кептин артынан Асанакуновго кылмыш иши козголгон. Бизде кадимки эле көрүнүш болуп калбадыбы, колдоочусу күчтүү болсо, казактар айткандай “акчаң болсо калтанда, каалашанча талтаңда” дегендей, бул дагы бийлик жана байлык менен өзүнө козголгон кылмыш ишти жым-жым кылып, бүтүрүп, сотко жеткирбей салыптыр. Мындай мисалдар абдан көп, СЭЗинде деле толтура экен, алар жөнүндө айтып баштасак сөз көп болот, андан көрө азыркысын айталы. Азыркы мезгилде, кыштан бери эзели профсоюздарга тиешеси жок болгон Мирбек Асанакунов колтойгон Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы болуп дайындалыптыр, ушул жерден көңүл бургула сөздүн маанисине – шайланган жок, дайындалды. Ал эми профсоюздардагы жетекчинин шайлоосу суу жүрөк профсоюз “лидерлери” формалдуу, кол көтөргүлө дегенде, кыңк дебей кол көтөрүп беттери кызарбай жашы деле, карысы деле туруп беришти. Туруп беришти деген – тозуп беришти дегендей эле, эми аларга айла жок да, тозуп бергенге көнүп деле калышкан, эпте оокаты өтсө болду экен да.

Кызыгы, “шайланаардын” алдында, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жүргөндө, Кыргызстан профсоюздар Федерациясынын төрагасы болгондон кийин деле, ылгабай эле мактана берет экен, — “мени бул жакты шеф оңдо деп жөнөттү”, деп. Шефи ким экени түшүнүксүз, Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты, анын аялы Гүлүкан Молдобаева, же Алмазбек Атамбаев же “шоопурбу”. Кыскасы, профсоюздар Федерациясына Ак үй жактан заманбапча айтканда “кризис менеджер” болуп дайындалган бери, өзү эле тынчы жок болгон ал уюмдун ичинен, өлгөнгө-көмгөн болуп алардын ашмалтайын чыгарып, боткосун кайнатып жатыптыр.

Ал боткону болгондо дагы бекер бербей акылы тайкы, өз көлөкөсүнөн коркуп жүргөн жанагы лидерлерге сатып жатыптыр. Биз укканда таң калдык, профсоюздарда дагы кызматтар сатылып калыптыр дегенде, а көрсө, ал жанагы курорттордун башчыларынын орундары экен. Жаңы Прайст боюнча дүң баасы 20 миңден 50 миң АКШ доллары деп айтып жатышат. Эң кызыгы, бир орун 2-3 кишиге сатылып кетиптир. Эми, ал бечаралар же акчамды бер, же орунду алып бер деп тигинин эшигин каккылап жүрүшүптүр, айласы кеткенде, колуңардан келсе басып алгыла дегенсип, мыйзамдуу иштеп жаткан директорду кетире электе ошол эле жерге дагы бирөөн дайындап салыптыр.

Өзү эле мына-мына жарылайын деп, араң жаткан профсоюздарды КСДПчы Мирбек Асанакунов катуу дүрбөлөңгө салыптыр. Ал дайындаган, Эркебай Мааткеримов деген неме, күүлөнгөн бойдон Жалалабад курортуна барып “права качать” этсе корурттун жамааты аны кабыл албай, ортодо чыр чыгып, мушташка чейин барышып, Мааткеримовдун баскынчылары ошол жерде иштеген аялдары кошо уруп-сабашыптыр. Азыр, аймактык бир ооруканада Жалалабад санаторийдин кадр бөлүм башчысы көк-ала болуп жатыптыр. Эми, ушул Асанакунов дагы бир кызык киши окшойт, кылса иштерди мыйзамдуу кылбайбы, бирөөнү дайындаардын алдында башканы мыйзам чегинде кетирип, элди уруштурбай, тополоң салбай. Ошенткендин ордуна өзү мыйзам бузду.

Ынтымагы жок, ыркы кеткен профсоюздарды ынтымакка келтирүүнүн ордуна, ал тескериче чоң чыр салды. КСДПын кадры “мактанган кыз тойдо осурат” дегендей, кайсы бир шефтин ишенген кадыры кеткен кадры Мирбек Асанакунов профсоюздарды жыргатпай калды, ага нааразы болгондор абдан көп экен, тармактык жана аймактык жетекчилер кетириш керек деп калышыптыр.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу