КСДП АШАнын жеке фирмасы болуп калганын Жолдубаева тастыктап жатабы?

Айтылуу шоопур Икрамжан Илмияновдун колтугуна кирип жүрүп КСДПдан орун тапкан Кундуз Жолдубаева деген журналист бар. Акыркы кездери экс-президент Алмазбек Атамбаевдин камчысын чаап, деңиздин агымына каршы сүзүп жүрөт. АША кайда барса аны жандап, элге жек көрүндү болгон Атамбаевди актай албай убара.
Дал ушул Кундуз айымдын түбү Жалал-Абаддан дешет. Шоопурдун доору сүрүп турганда Жалал-Абаддагы көп маселени көмүскө артында чечип турганы жалганбы? Азыр да бул адатын таштай албай Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги КСДПнын депуттарына коордунатор болуп, коркутчусун коркутуп, алдай тургандарын алдап эле “ишин бүтүрүп” жатыптыр. Айрымдарына “коркпогула, катуу тургула, бийликти кайра алабыз” деп көкүтүп жатканын тана алабы?
Бул эми КСДПнын маалымат катчысынын абалы жана Атамбаев бийликтен кетсе да ишенимдүү адамдары аркылуу башкаруу адатын таштабаганын белгиси. Болбосо Кундуз Жолдубаева КСДПнын Жалал-Абад шаардык кеңешиндеги депутаттарына координатор болгудай ким? Анын ыйгарым укуктары буга кыпындай да жол бербейт. Аталган шаардагы кеңештин депуттары менен иштеше турган партиянын облустагы атайын өкүлү бар. Булар партиянын Уставын, мамлекеттин мыйзамдарын сактаганда Жолдубаевага окшогондордун мурдун тыктырмак эмес. Мына ушул көрүнүш менен эле КСДПнын учурдагы “лигитимсиз лидери” Атамбаев аталган партияны жеке фирмасы кылып алганын тастыктап турат. Ушундай “бардак” өкүм сүргөн саясий уюм кантип анан чачырабасын? Сагынбек Абдрахманов сыяктуу тың чыкмалар бекер жерден “Атамбаевсиз КСДП” деген ураан менен кыйкырып жүрбөптүр да. Жакынкы күндөрү мындай ураандар максатына жете тургандай болуп турат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу