КСДП Атамбаев Орусияга бара турганын кабарлады

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) бүгүн, 22-октябрда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев ушул күндөрү Орусияга бара турганын жарыялады.

Маалыматка караганда, ал 22-23-октябрда Санкт-Петербургда жеңесинин тажиясына барып, 24-27-октябрда Москвада өтө турган саясий партиялардын эл аралык жыйынына катышат. Партиянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта, жыйында Азия, Африка жана Латын Америка мамлекеттериндеги алдыңкы партиялар экстремизмге каршы күрөш жана эл аралык маселелерди талкуулай турганы айтылат. Алмазбек Атамбаев 28-октябрда Бишкекке кайтып келээри да белгиленген.

20-октябрда «Шопур» деген каймана ат менен таанылган жана экс-президенттин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары айтылган Икрамжан Илмиянов «Алдамчылык» беренеси менен Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 28-ноябрга чейин камакка алуу тууралуу чечим чыгарып, УКМКнын тергөө абагына камалган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу