КСДПны сактап калуу үчүн Атамбаевди партиядан чыгарыш керек

Азыр себетчилердей болгон айрым дүжүр “серепчилер” “КСДП конструктвдүү кубаттуу оппозицияга айланса жакшы болот эле” деген ойлорду айтып жатышат. Алар мындай сөздөр менен КСДПчыларды тымызындан табалап жатышабы же реалдуу саясый абалды чындап эле билишпейби, анысын түшүнбөдүк. КСДП азыр ич ара ыдырап, таркоо алдында турса, партия өзүнчө, лидери бир ууч адамдары менен өзүнчө болуп бөлүнүп калса, ал кайдан кубаттуу оппозицияга айланат? Чындыкка тике карап, КСДПны “Алга Кыргызстан” менен “Ак жолдун” тагдыры күтүп тургандыгын ачык айталы.

Ага жол бербөөнүн бир гана аргасы бар; ал үчүн КСДПчылар азыр лидер болуп турган А.Атамбаевди жана башка коррупциялык жаңжалдарга аралашып, элге жек көрүндү болгон инсандарды партиянын катарынан чыгарып, алардын акыркы жылдарда кетирген кемчиликтерин, кылмыштарын аёосуз сынга алып, алар үчүн элден кечирим сурап, өздөрүн алардан бөлүп, экинчи андай кемчиликтерди кетирбөөгө убада берип, буга чейин репутациясы булганбай таза иштеп келген, харизмалык сапаттары бар жаңы лидерди шайлоолору зарыл. Партиянын башындагылар элге бок шыбалган бокочолордой көрүнүп турганда, лидери элге көрүнгөндөн коркуп үйүндө бекинип жатса, КСДПчылар кайдан конструктивдүү оппозициячы боло алышат? Аларды кайсыл мээси айныган адам колдойт? Алардын артынан ким ээрчийт?

Аргумент.kg
Жооп калтыруу