КСДПнын съездинде Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер катары көрсөтүштү

Бүгүн, 15-июлда КСДПнын съезди өтүп жатат. Ушул жылы өтүүчү президенттик шайлоого партиядан президенттикке өз талапкерин тандашат.

Эске сала кетсек, буга чейин партиянын саясий кеңеши, областтык
уюмдары Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдошкон.

Бугүнкү съезде президенттикке талапкер катары премьер-министр Сооронбай Жээнбековду көрсөтүштү. «Буга партиянын 674 делегаты добуш берди. Каршы добуш болгон жок», -деп  билдирет эсептөө комиссиясынын төрайымы Жылдыз Сманбаева.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу