КСДПнын расмий өкүлү неге атайылап жалган айтууда?

Чүй облусунун мурдагы башчысы Сагынбек Абдрахманов кече жакында эле Москва районунда болуп өткөн КСДП партиясынын конференциясы тууралуу аталган партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын «жалган» деп айтканы боюнча өз пикирин билдирди.
Эске сала кетсек, К. Жолдубаева бул конференцияга болгону КСДПнын 15 мүчөсү гана катышкан деп айткан болчу. «Бул партиялык конференцияга 150-200дүн тегерегиндеги мүчөлөр катышты. Ал тууралуу видео соцтүйүндөрдө бар. 12 айыл өкмөтүнөн КСДПнын 7-8ден мүчөсү келишти. Булар алдын-ала катталгандар гана. Алардан тышкары партиянын дагы башка көптөгөн мүчөлөрү келишти. Алардын баары ишенимдүү партиялаштар», — дейт Сагынбек Абдрахманов.
Ошону менен бирге ал КСДПнын расмий өкүлүнө сөздү туура айтууну кеңеш кылды. Болбосо, анын жалган айтуусунан жагымсыз көрүнүштөр болуп кетиши мүмкүн.
«Кантип аларды сатылып кеткендер деп айтууга болот. Алардын көпчүлүгү мурдагы режимден жабыркашты, бирок ошондо да алар партияны таштап кетишкен жок. Көпчүлүгүнүн 2010-жылдын 7-апрелинде туугандары курман болду. Андыктан мен сөздү этияттап айтууну кеңеш кылам. Балдар кызуу кандуу жана мен мындай жалган айтуулардын таасири жакшы болот деп айта албайм», — дейт ал.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу