КСДПнын курултайына президент Сооронбай Жээнбеков барбай турганы кабарланды.

Саясый күчтөрдүн баары 31-мартта өтө турган КСДПнын курултайына кулактарын түрүп турушат. Кайрадан төрага катары шайланыл аткан Алмазбек Атамбаевдин эмне айтарына ынтызар болгондор арбын. Албетте, бул жыйында экс-президент адатынча «жарылып», Кыргызстандагы саясый процесстер боюнча сөзсүз үн катат.

Айрым ЖМКларда өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков курултайда Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Эл Баатыры наамын ыйгарары боюнча жазылып, бирок, мындай кадам биздин мыйзамдарга каршы келе турганы да эскертилген.

Ооба, президент партиялардын иш-чараларына катышуусуна Конституция жол бербейт, Андыктан, биздин жеке маалымат булактарыбыз кабарлагандай, КСДПнын курултайына Сооронбай Жээнбеков да, аппарат башчысы Мухамметкалый Абулгазиев дагы барбай турганы маалымдадды.

Эске сала кетсек, буга чейин саясый чөйрөдө дал ушул «тема» кызуу талкууланып аткан. Натыйжада, Жээнбековдун мыйзамды сыйлаган кадамынан кийин аркы жээктан реакциясы кандай болоорэкен?..

Тайлак Назымов

Булак: “АЗИЯnews”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу