КСДПнын жашыруун кечтери жана көңүлгө жакпагандарды кубалоо

КСДП өз катарын тазалоо боюнча ишин баштады. Ушул жылдын 29-августунда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында «Форумдун» имаратында КСДП партиясынын саясий кеңешинин чогулушу өткөнү белгилүү болду.

Саат 16:00дон 18:00го чейин созулган отурумда үч маселе каралды. Биринчи маселе бул ЖК депутаты Рыспаев Кожобекти партиянын катарынан чыгаруу (мүчөлүгүн токтотуу) жана фракция депутаттарына аны отун-энергетика комплекси жана кен пайдалануу боюнча Комитеттин төрагалыгы кызматынан чакыртып алууну сунуштоо болду. Башка маселелер КСДПнын партиялык билеттерин алмаштыруу жана 2019-жылдын январынан тарта партиялык төлөмдөрдү киргизүүгө тиешелүү болду.

Биринчи маселе боюнча ачык эле регламентти бузуу болду, себеби добуш берүү боюнча кворум болгон жок. Кокусунан эле Рыспаев Атамбаевге эмнеге ыңгайсыз болуп калды? Партияда өзүнүн партиялаштарын «жеп салуу» башталдыбы? Же бул чындыктан коркуубу? Кожобек Рыспаев бир катар маселелер боюнча жетишээрлик курч жана принципиалдуу позициясы менен пикирлерин билдирген. Рыспаев чындыкты айткан. Бул партиялык боссго жаккан жок. Атамбаев партиянын Уставын айланып өтүү менен оюна эмне келсе ошондой чечим кабыл алууну чечкен экен. Ал таарынып калган баладай өзүнүн маанайына жараша аракетке өтө баштады. Бул чогулуштун отурумунда жана маселелеринде ачык эле катачылыктар оркоюп көрүнүп турат. Партия мүчөсү бир адамдын жеке чечими менен чыгарылып атат. Ал эми калган баардык марионеткалар бир ооздон анын чечимине баш ийкеп отурат. Алар депутат жүргүзгөн иштерге баа беришкен жок. Биринчи планга жеке таарыныч, адамга болгон кастык чыгып атканы билинип турат.
Саясий кеңештин отурумуна төмөндөгүлөр катышканын белгилеп койгубуз келет:
1) Атамбаев А.Ш
2) Ниязов Ф.А
3) Кодуранова А.С (депутат ЖК КР)
4) Жетигенов Б.Ж (депутат ЖК КР)
5) Аттокуров Д.Б (депутат ЖК КР)
6) Карамушкина И.Ю (депутат ЖК КР)
7) Мадеминов М.Г. (депутат ЖК КР)
8) Халикова А (экс-депутат ЖК КР)
9) Кутушев А (экс-депутат ЖК КР)

ЖК депутаттары М. А. Аманкулов жана И. Ш. Өмүркулов, ошондой эле ЖК экс-спикери Ч. А. Турсунбеков отурумга катышкан жок, бирок башка адамдар аркылуу ишеним катын жөнөтүштү.

Кызыгы, мына ушул убакта коомчулукту «экс-президент Кыргызстандын Эгемендик күнүнө арналган салтанатка катышабы?» деген суроо кызыктырып турган. Ошондо эле Атамбаев өзүнүн радикулитина байланыштуу салтанатка катышуудан баш тартканы белгилүү болгон. Жел туруп калганбы же партиянын отурумунда көпкө отуруп койгонбу?

Ошондой эле отурум боюнча дагы башка суроолор ойлонтот. Күн тартибинде 2018-жылдын 1-ноябрынан тарта 2019-жылдын 30-апрелине чейин партиянын партиялык билеттерин алмаштыруу белгиленген. Жөн эле партбилеттин сырты алмашабы же партиялык билеттин ээлери алмашабы? Көбүрөөк ишенимдүүлөр жана текшерилгендер гана калабы? Же кайрадан эле сатып алгандар калабы?

Төмөндө саясий кеңештин курамынын тизмесин келтиребиз:

1.Айнакулов Мухтар Айнакулович
2.Алымкулов Алисбек Төлбашиевич
3. Аманкулов Марат Аскерович
4. Артыкбаев Осмонбек Мамбетжанович
5. Аттокуров Данияр Бексултанович
6. Белеков Анарбек Казыбаевич
7. Желденова Жаңыл Турганбаевна
8. Жылкыбаев Узарбек Казиевич
9. Зулпукаров Төрөбай Закирович
10. Ибраимов Албек Сабырбекович
11. Илмиянов Икрам Сатарович
12.Ирсалиев Дүйшөн Исмаилович
13. Исаев Жусубали Калматович
14. Исаков Сапар Жумакадырович
15. Карамушкина Ирина
16. Касымбеков Нурбек Айтиевич
17. Кодуранова Асел Союзбековна
18. Кулматов Кубанычбек Кеңешович
19.Кутушев Абдыманап Орозбаевич
20. Мадеминов Мурадыл Ганыевич
21. Матраимов Искендер Исмаилович
22. Мусабекова Жылдыз Аманбековна
23. Насиров Мунарбек
24. Ниязов Фарид
25. Өмүркулов Иса Шейшенкулович
26. Ормонов Жапар Туратович
27. Райымжанов Токтосун
28. Рыспаев Равшан Рыспаевич
29. Садырова Гульнара Садыровна
30. Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович
31. Субанов Бакыт Калдарович
32. Султанов Каныбек Иманалиевич
33. Туманбаев Каныбек
34. Чыныбеков Турсунбай Акунович
35. Халикова Ашира

Аргумент.kg
Жооп калтыруу