КСДПнын депутаты М.Айнакулов криматалык «Сакалдын» кол баласыбы?

ЖКдагы бир катар депутаттар КСДП лидери А.Атамбаевдин кадрлары, кадр болбой калсын, ишенген жакын адамдары экени белгилүү. Алардын бири депутат Муктар Айнакулов депутаттык мандатты эл үчүн эмес, уюшкан кылмыштуу топтун кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жатканы жакшы эмес.
Сөзүбүз куру болбош үчүн далилин келтирип айталы. Эми эл өкүлү болуп келгенден бери анчалык күжүрмөн ишмердиги деле коомчулукка билинген жок. Орто заар депутат катары гана элдин элегинде жүрөт. Кыйратып мыйзам жазганын, активдүүлүгүн көрбөгөндүктөн оозго аларлык мыдыры байкалбайт. Бирок, коомдук жардамчысынын таскагы катуу экендигин журтчулук байкады. Маселен жакын арада күч түзүмүнө колго түшкөн Кубан Токтосунов криминалдык чөйрөдө аты таанымал кадимки “Сакалдын” бир тууган иниси болуп чыкканын кандай бааласак болот?
КСДП депутаты эмне себеп менен шек жараткан бул жигитти өзүнүн “үйүрүнө” кошуп алды экен? Балким таасир эткиси келгендир бирөөлөргө. Ак жүрөк болсо кримчөйрөдө жүргөн кишинин инисин жанына жакын жолотпойт эле да? Айтор, берилген суроолорго жоопту эми тийиштүү органдар берээри белгилүү болуп калды. Албетте, парламентте мындай жоболоңдуу окуялардын жүз берип жатканы нормалдуу көрүнүш дегенге болбойт. Анткени Муктар Айнакуловдун коомдук жардамчысы Кубан Токтосунов Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан козголгон кылмыш иштин алкагында абакка алынып, учурда абакта отурат.
Мындан улам депутат М.Айнакулов криматалык «Сакалдын» кол баласы болуп жүрбөсүн деген суроо туулат экен. Айтмакчы, М.Айнакулов депутат болгонго чейин А.Атамбаевдин аткошчуларынын катарында жүргөнү белгилүү. Андыктан А.Атамбаевдин кримчөйрө өкүлдөрү менен болгон өз ара мамилеси тууралуу маселе козголуп калуусу ажеп эмес.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу