КСДПнын депутаттары Атамбаевдин сөзүн укпай, Бабановго ыктап баштаптыр

“КСДП президенттин сөзүн укпай коюптур деген чынбы? Бүгүн чогулуп Жанар Акаевди мандатынды тапшыр деп кысымга алышмак экен же жөн жүрсөң боло деп коркутмак экен. Бирок, депутаттар чогулбай коюптур,-дейт Жакшылык аттуу журналист.

Бүгүн, Жанар Акаевдин мандатынан ажыратуу боюнча демилге көтөрүп, ал маселе каралмак. Мындай маселе президенттин макулдугусуз көтөрүлмөк эмес. Бирок, депутаттар президенттик кызматтан кете турган лидеринин кебин укпай, ар кайсы шылтоону айтып келбей коюшуптур.   Ал тургай жакында Атамбаев парламентти таратам деп, ага 80 депутаттын макулдугун алуу үчүн кол топтоого аракет кылган. Анысынан да майнап чыкпай, “Атамбаев айта бербейби, ал жакында кызматтан кетсе, ошодон ары жоголот да”,-деген кыязда эч кимиси кулак салбай тескери карашыптыр. Акыркы убакта президенттин ачуулу болуп, ар кимге азуусун көрсөтүп атканынын себебинин бири дагы ушул экен. КСДПнын айрым жыт сезгич депутаттары Өмүрбек Бабановго ыктап, аны президент кылып, этегин кармайлы деп жатышканын өтө ишенимдүү булагыбыз шыбырады.

Булак: Искра.кг

Аргумент.kg
Жооп калтыруу