КСДПнын артындагы абийири эми аңырайып ачылабы?

Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов жаш депутат Жанар Акаевди “КСДПнын көчүгүн жапкан карандаш турсийи” деп баа берип, бийликчил партиянын абийирин жалгыз Жанар Акаев жаап жатат деп айтканы бар эле. Анын сыңарындай, Жанар Акаев жаш болсо дагы бийликтин кемчилигин анча-мынча айта калып жаткан. Эми, жанагы Карамушкина деген депутат, балким Атамбаевден ошондой тапшырма алса керек, Жанар Акаевдин мандатын алалы деп демилге көтөрүп жатыптыр. КСДПнын абийирин жапкан жалгыз Жанар болсо, эми анын да мандатын алып салса, Бейшенбек Бекешов айткандай КСДПнын карандаш турсийи жапкан жер аңырайып ачылып, шерменделери чыгат го. Жанар Акаев берки балык депутаттардан айырмаланып элге жакын боло алды. Бийликке мындай “ээн баш” балашка депутат жакпай калса керек. Эгерде, Жанар Акаев “тойдум байдын кызына” деп кол шилтеп, Чолпон Жакуповадай басып кетсе, КСДПнын ичи кулак мурун кескендей тынч болот. Элдин таламын талашып, бийликти эсине келтирген эч ким жок калат. КСДПнын ички кемчилигин айткан «ич кийим» жок калат…

Булак: Искра.кг

Аргумент.kg
Жооп калтыруу