КСДПНЫН АРДАГЕРЛЕРИ САПАР ИСАКОВДУН ӨКМӨТ БАШЧЫ БОЛУУСУНА КАРШЫ

КСДП партиясынын ардагерлери жана Апрель революциясынын баатырлары Президент Алмазбек Атамбаевге жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошту. Алар премьер-министрликке Сапар Исаковду дайындоого нааразы экенин билдиришти.

“Бул кадамдары менен учурдагы бийлик 7-апрелдеги окуяларды, анда каны төгүлгөндөрдү толугу менен тепселеп жатат деп санайбыз. Максим Бакиевдин бийлигинин бекемделүүсүнө салым кошуп, 7-апрелде Максим Бакиев менен кошо АКШга барган адамдын жетекчиликке келиши нааразычылык жаратат. Элдин тагдырын Сапар Исаковго ишенип берүү болбойт! Бул адам эл менен иштеше албайт! Биздин балдарыбыз 7 жылдан соң Алмазбек Атамбаев бийликти Бакиевдин куйругу Сапар Исаковго өткөрүп берүүсү үчүн курман болушкан эмес”,-деп жазылат кайрылууда.

Буга чейин Исаков өкмөт башчы болот деген маалыматтар тараган. Өкмөт башчысы Сооронбай Жээнбеков президенттик шайлоого байланыштуу 21-августта кызматын тапшырат.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу