КСДПнын активдүү мүчөлөрү: “Атамбаевди партиядан кууп чыгабыз!”

Миңдеген мүчөлөрү бар Кыргызстан социал-демократиялык партиясын (КСДП) жеке фирмасына айлантып алып, бул саясий уюмду керт башынын кызыкчылыгы үчүн колдонуп келген Алмазбек Атамбаев партиядан куулганы калды. Аны КСДПдан “көчүккө тээп” айдап чыгуу демилгеси буга чейин Ысык-Ата, Сокулук, Жайыл райондорунда көтөрүлүп, калың элдин колдоосуна ээ болгон болсо, 10-июлда Чүй облусунун Москва районундагы мүчөлөрү партиянын лидерин токтоосуз айдап чыгууну талап кылды. Кезексиз чогулушка топтолгон КСДПнын 500дөй мүчөсү өз жыйындарын “Атамбаевсиз КСДП” деп атап, кыска аралыкта бул максаттарын ишке ашырууга көздөрү жетип турганын айтат. Өзүн Жекшенбек деп тааныштырган партиянын өкүлү Атамбаев үмүттүн баарын өчүрүп, КСДПнын атын булгап салганын айтат. “Биз 2010-жылга чейин Алмаз Атамбаевдин жанында жүргөнбүз. Бакиевдин кандуу бийлигине каршы күрөштө Атамбаевге таянып, ага ишенип жүрдүк. 2011-жылы президент кылып партиянын атынан шайлап бердик. Эми болсо анын кандай иштерди жасаганы ачыкка чыгып жатат. Бүгүн болсо Атамбаевдин аткарган жумуштарына анализ жүргүзүп жатабыз. Тилекке каршы, ал киши партиянын үмүтүн өчүрдү, биздин максаттарды сатып кетти деген чечимге келдик. Партиянын эски мүчөлөрү Атамбаевди жана анын жанында жүрүп КСДПнын атын пайдалангандарды партиядан чыгарууну талап кылабыз”, — дейт ал. Чогулгандар жыйында бардык аймактарда КСДПнын мүчөлөрүнүн кезексиз жыйынын өткөрүүнү, төрагалыктан Алмазбек Атамбаевди кетирүүнү жана партиянын саясий кеңешин алмаштырууну талап кылган резолюция кабыл алышты.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу