КСДПда диктатура: ачуу чындыкты айткандарды мүчөлүктөн чыгарабыз!

КСДП партиясы мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, ириде бир адамдын гана кызыкчылыгын көздөгөн партияга айланып калды. Буга чейин да партия Алмазбек Атамбаевдин жүргүзүп аткан саясатына каршы пикир айткан мүчөлөрүн катарынан чыгарып келген. Баарын санабай, ЖК депутаты Жанарбек Акаевди партиядан жана фракция мүчөлүгүнөн чыгарып салганын мисалга тартсак жетиштүү.

Эми жакында эле аталган партиянын саясий кеңеши ЖК депутаты Кожобек Рыспаевди партия мүчөлүгүнөн чыгарганы маалым болду. Муну КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева маалымат булактарына билдирди. Анын билдирүүсүнө караганда К. Рыспаев Бишкек ТЭЦи боюнча КСДП партиясын күнөөлөп, ТЭЦтин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулун коргоого алган имиш. Бирок, К. Рыспаев эч жерде КСДП партиясын күнөөлөбөгөнүн, анткени, ага партиянын эч кандай тиешеси жок экендигин айтат.

Айтор, КСДП партиясы бир кездеги бараандуу, салмактуу партиядан тар кызыкчылыкты гана көздөгөн, бир адамдын диктатурасы орногон партияга айланып баратат. Мындай темп менен бара берсе, же партия жок болот, же АША андай кетет окшойт.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу