Чукул жыйын өткөрүлүп, Чыныбайдын тагдыры чечилеби…

КСДПдагы кыйсыпыр абал Жогорку Кеңештин эс алуудагы эл өкүлдөрүн чукул жыйынга
чогулта турган өңдөнүп калды. Буга парламент төрагасы Чыныбай Турсунбековдун
президенттик шайлоого аттанмакчы болгон дымагы себеп болууда. КСДПнын саясатына
каршы чыгып, өзүнүн тоң моюндугун көрсөткүсү келген Турсунбековду төрагалыктан
алуу маселеси жакынкы күндөрү кезексиз жыйынга чогулган депутаттардын кароосуна
коюлат. Ошентип Чыныбай мырзанын ити чөп жеген доору аяктайт. Спикерлик орунга
Иса Өмүркулов, Төрөбай Зулпукаровдун бирөө отуруп калышы мүмкүн экен…

Булак: “Фабула”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу