КР Президентинин аппарат жетекчилигине Болот Отунбаев даярдалып жатат

КР Президентинин аппарат жетекчиси кызматы  өлкөдөгү эң маанилүү кызматтардын бири. “Вазир жакшы хан жакшы”  дегендей эгер президенттин аппарат жетекчиси бардык жагынан такшалган  уюштургуч , билимдүү, саясый оюндардын мыйзамдарын жакшы билген, интригаларды алдын-ала аныктай алган көрөгөч болсо анда президенттин иши шыр кетет. Эгер мындай сапаттарга ээ болбосо өзүн да кыйнап, президентти да кыйнап, өлкөнү да кыйнап коёт. Ошондуктан Сооронбай Жээнбековдун аппаратынын жетекчисинин кызматы орду Мухаммедкалый Абылгазиев кеткенден бери бош турат. Ошондой төгөрөгү төп келишкен киши табылбай,  ал кызмат эч кимге ыраа көрүлбөй жаткан.

Биздин жеке булактар билдиргендей КР Президентинин аппарат жетекчиси кызматына  талапкерлердин ичинен элчи Болот Отунбаев  тандалып алынып, даярдалып жатыптыр. Бирок Болот Отунбаев жогоруда аталгандай сапаттарга ээ кадрбы? Саясый интригалардын мыйзамдарын өздөштүргөн, эл менен сүйлөшө ала турган, уюштургуч  жөндөмдүүлүгү өзгөчө жанбы? Сиздер кандай ойлойсуздар?

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу