Крокодил той алдында келиндин колун жулуп алды (СҮРӨТ)

Зимбабведе той алдында кайгылуу жагдайга туш болгон келин акыры никесин кыйдырды. Бул тууралуу “ Woman.ru” сайты билдирет. Келин колун крокодил жулуп алганына карабастан, той күнүн кийинкиге жылдырган эмесю Занель Ндлову крокодилге таланганына бир нече күн өтсө да, тоюна келди. 25 жаштагы бийкеч сүйүктүүсү менен өзөндө кайыкка отурганда аларга крокодил тап берген. Күйөө жигит  Занельди крокодилден куткарып, жээке алып чыккан. Бирок крокодил ошол маалда кыздын колун жулуп алганга жетишкен. Дарыгерлер кыздын тирүү калгандыгына таң калышууда. Булак:  barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу