КРнын эмгек сиңирген артисти Жеңишбек Жумакадыр: Президент болуп алсамбы..

Автомат акын атка конгон, жакында эле элибиздин Эмгек сиңирген артисти болгон
айтылуу төкмө акыныбыз Жеңишбек Жумакадыр учурда ажо болом деп элирип
жаткандарды көрүп, жүрөктө илхому ойгонуп, бир толгонуп, дал ушул Президент болуу
маселеси тууралуу эки ооз шиңгил ыр жазган экен. Арасында чындыгы да, тамашасы да бар. Ошол мааниси терең кептер элиргендерге жетсе экен десең…Сыясы кургай элек
жаңы ырды окуп, маселесини кабыргасынан койгон акын агабызга ыраазычылык
билдирип коёлу.

Президент болуп алсамбы..

Эмнем кем элден, ойлонуп жатам акырын,
Күч десең күч бар, баарына жетет акылым.
Трамптан сулуу, Путинден жашмын кычырап,
Нуракең менен Шавкаттан ылдам басыгым.
Чындыкты сүйөм, калп сүйлөп батпайм күнөөгө,
Табылар акча үйүмдү койсом күрөөгө.
Жетимиш пайыз алаарым ачык себеби,
Тогузу колдоп , жакпасым билем бирөөнө.
Мен болсом ажо баарыңдын жетем баркыңа,
Нөл пайыз кылып кредит берем калкыма.
Беш жылда эле өнүккөн өлкө аталып,
Кайрылып келет Үзөңгү- Кууш, Каркыра.
Нарынды, Ошту, Дубайдан артык бар кылам,
Төө Ашуу бийик түбүнөн казып алдырам.
Баткенден Көлгө кыйналбай жеңил жеткенге,
Асфальттын баарын алтындан каптап салдырам.
Кумтөрдү толук алабыз артка кайырып,
Пенсия жүз миң карылар жашайт багылып.
Кичине четин кыйытып койдум оюмдун,
Шайлансам дагы угасың эчен жаңылык.
Кымбат так турса, ойлонуп эмне арзанды,
Бүт эле жүрөт кошулуп мен да барсамбы.
Аялым макул, а силер кандай дейсиңер,
Бош жүрбөй күздө президент болуп алсамбы.

Автор: Жеңишбек Жумакадыр

Булак: chagylgan.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу