КРнын Президенти Сооронбай Жээнбековго ачык кат.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Сиз көп жылдар бою теңчиликти, акыйкаттыкты издеп, оппозицияда жүрүп, үнүңүздү бийликке жеткире албай, ошол кездеги бийликтин калыстыктан тайганына көп жылдар бою күбө болуп келгенсиз. Бийликке нааразы болуп, митинг, пикеттерди башыңыздан өткөргөнсүз. Сиздин акыйкаттык, адилеттик үчүн күрөшүп, парламенттин улуу трибунасынан чындыкты айтып чыккаңызды кыргыз эли унутпайт. Кыргызстандын соңку тарыхынын барактарында бул кылымдар бою сакталып кала берет. Кудай буйруп, элибиздин колдоосуна ээ болуп, өлкө жетекчилигине келип, Кыргызстандын жаңы тарыхын ачууга жетиштиңиз. Демократиянын улуу дөөлөттөрүн колдоп, адам укугуна бөтөнчө көңүл буруп, коррупцияга каршы турганыңыз коомчулуктун көнүлүн бурду.

Арийне, коррупция менен күрөшү өтө татаал жана оор процесс. Анткени менен, элдин келечеги жана үмүтү, тандап алган жол саясый зор эркти талап кылат. Азыркы убакта прогрессивтүү коомчулук сиздин багытыңызды колдоп келебиз. Экс-президент Атамбаев ашмалтай бийлиги менен мамлекетти тоноого курс алганы ачыкка чыкты, мамлекеттин бардык тармагында ар кандай шылтоолор менен бюджеттеги акча каражаттарынын уурдалышына жол берилгени тастыкталды. Ошентип, мамлекеттик башкаруу системасы кыйроого учурады. Башкаруу системасын калыбына келтирүү оңойго турбасы белгилүү, бирок, ошого карабастан сиздин ак ниет аракетиңизге бут тоскондор, жеке кызыкчылыгын көздөгөндөр араңызда жок эмес. Биз, укук коргоочулар, бир нече ирет жалпыга маалымдоо каражаттарына Тогуз-Тородогу экономикалык диверсия жөнүндө жазганбыз, ошентсе дагы, күч органдары кылмыштын уюштуруучуларын таппай келишет.

Себеби алтын концентрация чет жакка ташыгандардын каржылосу менен кылмыш иш ачылбай келет, ортодо ири суммадагы акча турат. Болбосо он эки адам камакка алынган, тергөө жана оперативдик иштерди жаап жашырып, ушул кунгө чейин аягына чыга элек. Урматтуу журт башында, эл эгесинде турган мырзалар! Тогуз-Торо районундагы алтын ылгоочу комбинатка байланыштуу жүргүзүлүп жаткан кылмыш иши толугу менен иликтенип, тергелип бүтүшү керек эле. Адамдардын, элдин тагдырын чечкен кылмыш иши боюнча иликтөөнү ушуга чейин чоюлуп келе жатканы таң калычтуу жана өкүнүчтүү. Мамлекетке дал ушул өз милдетин аткарбаган күч органдары коркунуч туудуруп жатканына өкмөт, парламент, админстрация баа бербей, ишти артка тартып жатканын коомчулук кандай түшүнсө болот? Нааразыланган тарап эн биринчи жолу эле комбинатка кол салганда, Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү, Жалал-Абад областык ички иштер башкармалыгы шалаакылык кылып, оперативдик – тергөө амалдарын жүргүзгөн эмес.

Ошондой эле, Тогуз-Торо райондук мамалекеттик админстрациясы, КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү провокациянын башында турган. Бул баарына белгилүү. «Кыргызалтын» ААК жетекчилиги А.Алимбеков аркылуу каржыланып, 24kg маалымат агенттигинде басма сөз жыйынын өткөргөндө эмне үчүн УКМКын кызматы анализ жүргүзгөн эмес, алдын ала чара көрүлсө, балким, комбинат өрттөлбөй калат беле. Кан-какшап жалпыга маалымдоо каражаттарына коңгуроо кагып, көйгөйдү өз убагында көтөрүп жатсак дагы өкмөт бир дагы жооп кайтарбай, көрмөксөнгө, билмексенге, укмаксанга салды. Көрсө, чара көрүлбөгөнүнө Сапар Исаков өзү себепкер болуп, провокациянын башында турган экен. Болбосо, ишти кечеңдетип отуруп Тогуз-Торо районунун акими Т.Идирисовду кызматтан алганда эмне үчүн ошол эле убакта «Кыргызалтын» ААКнын жетекчиси А.Алимбековду кызматтан алып, тергөө органына берген жок. “Макмалалтын” комбинатынын уурулары каржылап жатканын КРнын ИИМнин КИМБ оперлери тастыктап чыккан.

Ал эми өкмөттүн отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмү кандай кызыкчылыктын негизинде курулуп келе жаткан комбинатка карама-каршы иш алып барып, бут тосуп жатат. Анысы аз келгенсип “Макмалалтын” комбинатынын профсоюзу А.Алимбековко кат жөнөтүп, Тогуз-Торого келип кетүү өтүнүчүн четке кагат. Себеби “Макмалалтын” комбинатына инвесторду өзүбүз таап, өзүбүз “Кыргызалтыны” жок эле ишти жөнгө сала алабыз деп талап коюп жатышат. Чындыгында, Тогуз-Тородогу экономикалык диверсия Кыргызстанга аябагандай доо кетирди. Эгерде инвесторго ушундай кыяматтык менен мамиле кыла берсек, Кыргызстандан инвесторлор качат. Мамлекеттин стратегиялык багыты болгон экономикасынын бир канатын тартып, өнүктүрүп кетеринде, “жамандын кесепети” дегендей, мына минтип кайрадан эл аралык мамилелерге доо кетирди.

Кытай элчилиги Кыргыз өкмөтүнө нота жиберип, тез арада баш аламандыкты жоюну суранып жатышат. Жаныдан кызматка келген премьер-министр М.Абылгазиевден экономиканы алдыга алып чыгат деген зор үмүт бар. Болбосо, тышкы карызыбызды кантип төлөйбүз? — деген алдыда коркунуч турат. Күч органын тез арада мыйзамдуулукка чакырып, паракорлордон, уурулардан тазалоого мезгил келди. Болбосо, күч органы кылмышты жаап-жашырып, акча тапкандын инструментине айлантты. Мамлекетибизди сактап калуу ар бир атуулдун милдети. Кыргыз эли Сооронбай Шарипович, сиздин саясый эркиңизге ишенет жана жакынкы келечекте өнүгүү багытына түшөбүз деп ниет кылабыз.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу