Криминал: Подполковник кылмыштуу топ түзүп, 5 миллион доллар…

УКМК аз күн мурун 12 калибрдеги кесилген мылтык жана ок-дарылар, ошондой эле жасалма мамлекеттик номерлерди берип жаткан жеринен Москва райондук ИИБнын криминалдык милиция кызматынын ыкчам ыйгарым укуктуу кызматкери, милициянын лейтенанты К.К. жана Бишкек шаарынан Чүй областынын криминалдык милиция кызматынын жетекчисинин орун басары, милициянын подполковниги К.Р. кармалган. Кармоо учурунда К.К өзүнүн ВАЗ 2107 маркасындагы автоунаасы менен кылмыш болгон жерден качып кетүү аракетин көрүп, жыйынтыгында кармап жаткан топтун автоунааларынын бири менен сүзүшүп алган. Такталган боюнча, кылмыштуу топтун уюштуруучусу К.Р. болуп, калк керектөөчү товарларды дүңүнөн жана чекене саткан жеке ишкерлер менен коңшу мамлекеттерден ири өлчөмдөгү акча каражаттарын (божомолдор боюнча 5 млн. АКШ доллары өлчөмүндө) аткезчилик жол менен ташыган тараптарга кол салууну белгилеп жатышкан.

БУЛАК: Багыт.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу