Кризиске байланыштуу дары-дармектердин баасы 30%га өстү

Бул тууралуу “Дарылардын жеткиликтүүлүгүн жана медициналык мекемелердин
ишинин ачык-айкындуулугун жакшыртуу” темасындагы конференцияда, Саламаттыкты
сактоо министрлигинин үчүнчү чакырылышынын коомдук кеңешинин төрагасы Айбар
Султангазиев билдирди.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.
А.Султангазиевдин айтымында, буга чейин коомдук кеңеш жүргүзүп келген анализ, өлкөдө дары-дармектердин
баасы, өз наркынан бир канча эсе жогору экенин көргөзгөн. Ошондой эле, мамлекет тарабынан дары-
дармектерди сатып алууда ачык-айкындуулукту камсыз кылууда маселелер бар экени да белгилүү болгон. Ушул
өңдүү проблемаларды жоюу үчүн, “Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү
зарыл.

“Калк үчүн көпчүлүк дары-дармектердин баасы өтө эле кымбат болуп жатат. Мисалы коңшу өлкөлөрдө 100 сом
турган дарынын баасы, бизде 600-700 сомду чапчыйт. Андан тышкары, кризиске
байланыштуу,баалардын баасы 20-30% га өстү.”

Иш-чарада, катышуучулар тарабынан аталган көйгөйдү жоюу боюнча чаралар иштелип чыгып,
Өкмөткө жана Парламентке тиешелүү кайрылуу жолдонмокчу.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу