Крестининге «Данакер» ордени, Кичин, Люкс, Мурзаев жана Байматовго – «Даңк» медалы тапшырылды

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-январда Кыргызстандын футбол боюнча Улуттук курама командасынын спортчуларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады.

Мамлекет башчысы ушул күндөрү өлкөбүздө көтөрүңкү маанай орноп, ар бир кыргызстандык мекенчилдик жана сыймыктануу сезимдерине бөлөнгөнүн баса белгиледи.

«Силер өлкөбүздүн намысын татыктуу коргодуңар. Бизге зор дем берген майрам тартуулап, бардык кыргызстандыктардын алкышына арзыдыңар», — деди президент.

Президент мамлекеттик сыйлыктарды: Аскар Салымбековго — 3-даражадагы «Манас» орденин, башкы машыктыруучу Александр Крестининге — «Данакер» орденин, Семетей Султановго, футболчулар Азамат Байматовго, Валерий Кашубага, Валерий Кичинге, Виталий Люкска, Мирлан Мурзаевге — «Даңк» медалын тапшырды.

Машыктыруучунун жардамчысы Игорь Кудренко «Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкери» ардактуу наамына, курама команданын дарыгери Нурбек Исмаилов «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери» ардактуу наамына татыктуу болушту.

Улуттук команданын башка оюнчулары Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааттары менен сыйланышты.

18 адам мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты, 25 спортчу КР президентинин энчилүү сааттарын алышты.

Булак: Kabar.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу