“Кремль чечиптир” дегенден качан арылабыз?

Кыргызстанда 15-октябрь күнү президенттик шайлоо өтөт. Ага 59 талапкер арыз жазып,
бир нечеси өз эрки менен талапкерлигин алып салган. Дагы бир тобун БШК каттабай
койгондугу маалым.
Акыркы кездери кайсыл бир талапкерди Кремль
колдоптур, Америка колдойт имиш деген кептер
байма-бай айтылууда. Мындай пикирлердин
айтылуусу коомчулукта кадимки эле көрүнүшкө
айланды. Биз Россиянын же Американын
карамагындагы өлкө эмеспиз, биз эгемендүү
демократиялык өлкөбүз. Эмне үчүн бизге кандай
башчы келээрин башка өлкөлөр чечиши керек?
Кремль же Путин эмес, кыргыз эли “добро” берген
талапкер президент болушу керек. Биз өзүбүзгө
кандай башчы керектигин өзүбүз тандашыбыз абзел.
Шайлоо жакындаган сайын Төрөбаев Москвага
кетиптир, Сариев Крмелдин лөктөрү менен жолугушуптур деген маанидеги бардык талапкерлер
жөнүндө маалыматтар байма-бай чыгууда. Чындыгында алардын Москвага барганы же барбаганы
бизге караңгы, бирок кандай болгон күндө да талапкерлер башка өлкөнүн чоңдорунун эмес, кыргыз
элинин батасын алууга тийиш…

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу