Кремль Атамбаевдин коррупционер экенине көзү жеттиби?

Россия бийлиги да Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин ашынган коррупционер болгонуна көзү жетип калгансыды. Муну биз орус бийлигинин саясатын жүргүзгөн «Коммерсант ң» басылмасынын акыркы убактарда жазып аткан макалаларынан улам билсек болот. Мисалы, жакында эле ал басылмага «Киргизскую власть отстранили от экс-президента» деген темада макала жарык көрдү. Макалада Бишкек шаарынын жаңы мэри болуп Азиз Суракматовдун шайланганы жана ага чейин мэрлик кызматты аркалап келген Албек Ибраимовдун камакта жатканы, ага карата коррупциялык 17 эпизод боюнча суроолор бар экени, алардын ичинен азыркы тапта «Дастан» заводун башкарып турганда мамлекетке келтирген ири суммадагы зыяны, экс-президент А. Атамбаевге саткан 33 гектар жери, ошол эле жерге курулган экс-президенттин хансарайына да мамлекеттик ишкананын каражатын сарптап жибергени боюнча кабыргасынан коюлуучу суроолор бар экенин жазат басылма. Көз карандысыз баалоо боюнча Атамбаевдин хансарайын курууга 5 миллион доллардай каражат сарпталган. Булардан тышкары А. Атамбаевдин санаалаштары, өзү таптап өстүргөн кадрлары С. Исаков, А. Калиев, Ж. Сатыбалдиев, О. Артыкбаевдердин да коррупцияга айыпталып камакта жатканы жазылат. Алардын бирөөсү Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо 5 млн доллар алганын моюнга алганын жана аны кайра казынага кайтарууга даяр экенин билдиргенин да макаланын автору кыйыткан. Айтор, бул макалада акыры барып, коррупция боюнча баардык суроолорго экс-президент А. Атамбаев өзү да сурак берип калышы мүмкүн экендиги айтылат. Демек, мунун өзү Россия бийлигинин да АШАга карата ою өзгөргөнүн, анын коррупционер экенин билип калганын далилдеп тургансыйт.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу