Кремль Атамбаевге экинчи ирет “сигнал” бердиби?

Расмий Москванын позициясын билдирген «Коммерсант» басылмасы жакында эле «Экс президента Киргизии окружают арестами» деген темада макаласын жарыялады. Алмазбек Атамбаевдин убагында коррупция болуп көрбөгөндөй күчөп кеткени тууралуу аталган басылма ушуну менен экинчи жолу макала жарыялады.

Макалада жакында эле экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин Бишкек ТЭЦиндеги чыр боюнча камакка алынганы, ушуну менен бул маселе боюнча экинчи мурдагы премьер-министр убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылат.

Биринчиси, албетте Сапар Исаков. Андан сырткары, мамлекетте бийлик алмашкандан кийин ээлеп келген кызматын сактап калган Атамбаевин жападан жалгыз кадры, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовдун да абалы чатак экени айтылат. Ал мэрлик креслодон түз эле темир тор артына отуруп калышы мүмкүн экендиги кыйытылат.

«Кыргызстанда көп күндөн бери эле мурдагы жана аракеттеги жогорку кызматтардагы чиновниктердин камакка алынышы жана суракка чакырылышы тууралуу жаңылыктардын агымы болуп келет. Муну менен Бишкек ТЭЦин модернизациялоодогу коррупция боюнча иликтөөнүн алкагында УКМК иш жүргүзүүдө. Тергөөнүн версиясы боюнча, кытай банкы аркылуу станциянын ремонтуна деп бөлүнгөн (386 млн доллар) кредиттин болжол менен 200 млн доллары чиновниктер тарабынан өздөрүнүн счетуна кеткен», — деп жазат «Коммерсант».

Ушул эле макалада экс-президент А. Атамбаев өзүнүн отставкасынан кийин таасирин мурдагы өкмөт башчы С. Исаков аркылуу сактап калууну көздөгөнү айтылат.

«Ал өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн аягында дайындалган өкмөт 2020-жылга чейин, башкача айтканда кийинки парламенттик шайлоого чейин сакталышы керек экендигин коомчулуктун алдында билдирген. Сапар Исаковдон сырткары экс-президент премьерликке дагы башка талапкерлерди караган: мисалы, Бишкек мэри Албек Ибраимов», — деп жазылат макалада.

А. Ибраимов ТЭЦ боюнча да сурак берип чыкканын, ага карата ТЭЦтен сырткары А. Атамбаевдин Кой-Таштагы хансарайы боюнча да суроолор жарала турганы жазылат. «Курулуштун башкы прорабы жана бухгалтери Албек Ибраимов болгон. Кыргыз күч органдары бул хансарай 5 млн долларга айланганын эсептеп чыгышты, бирок ал акча кайдан келгени белгисиз», — деп жазат «Коммерсант».

Айтор, бул макалада экс-президент А. Атамбаевдин коррупционер экендиги ачык эле түшүндүрүлгөн. Расмий Москванын позициясын билдирген басылма ушинтип жазып аткандан кийин, демек, Кремль да АШАнын коррупционер экенине көзү жеткенин түшүндүрүп тургансыйт.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу