Кош келиңиз президент мырза…

29-март күнү саат 10:00дө Манас кинотеатрынын чоң залында режиссер Темир Бирназаровдун “КОШ КЕЛИҢИЗ, ПРЕЗИДЕНТ МЫРЗА!” аттуу жаңы тасмасынын бет ачары өтөт!

Ата Мекенин таштап, алыска качып кеткен ажо эмнелерди кыялданат? Анын жашоосу кайсы багытты көздөй өзгөрдү? Президент мындан 13 жыл мурда жасаган ишине өкүнөбү?

Режиссёр Темир Бирназаров ушул гана суроолорго жооп издебестен, окуяны башка өңүттөн да чагылдырды.

Өз өлкөсүн таштап кеткен ажонун пластикалык операция жасап, мекенине кайтууга жасаган аракетин чагылдырган «Кош келиңиз, Президент Мырза» тасмасында режиссёр карапайым кыргыз элинин үмүтүн жалпылыкка билдирди.

Бул тасманы күтө туралык, коомчулук жогорку тасманы кандай кабылат алат, кино канчалык деңгээлде ачуу чындыкты элге жеткирип бере алды кеп ошондо. 30-мартта окурмандарыбызга кино тууралуу сөзсүз кабарлайбыз.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу