Кош жарандуу Клара Кабилова депутат болуп ант берди

Жогорку Кеӊеште «Ата-Мекен» саясий партиясынын тизмеси боюнча депутат болгон Гулнара – Клара Самат ант берип, өзүнүн депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга киришти.

Аты жөнүн өзгөртүп алган Клара Кабилова депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон ЖК депутаты Аида Салянованын ордуна келди.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков жалпы депутаттардын атынан Клара Кабилованы депутат болуп келиши менен куттуктады.

Эске салсак, Клара Кабилова кош жарандуу.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу