Кош бойлуу учурда ашыкча кусуудан алыс болуңуз!

Гинеколог адиси Өзлем Бойалыр: Аялдар кош бойлуу кезде, ашыкча кусуудан этият болушун айтып өттү.

Анын айтымында: 75% аялдар боюнда бар кезде таксикозго чалдыгат. Аялдар үйүндө болобу, ишинде болобу өзүн жаман сезип, уламдан-улам куса берет. Эң кызыгы таксикоздун белгилүү бир убактысы жок, ал эртең менен же түштө, кечинде деле боло берет. Ага себеп, гормондордун көбөйүүсү, чарчоо, витаминдердин жетишпөөчүлүгү жана стресс болуп саналат.

Ал ортодо адистер аялдардын таксикозун бир гана кош бойлуулукка тиешелүү деп эсептөө туура эмес экендигин айтып, аны сөзсүз доктурдун көзөмөлүнөн өткөрүп коюу ашыкча болбостугун эскертип өттү. Ага балким паталогиялык себептер дагы болушу мүмкүн.

Кош бойлуу учурда көп жебеш керек жана узак убакыт дагы ач калбоо керек

Аял киши кош бойлуу кезде, өтө тоюп тамак жеп жана көпкө чейин тамак жебей жүрүү дагы туура эмес. Ал үчүн аз-аздан, бирок бат-баттан тамактанып туруу керек. Үйдөгү жана сырттагы стресстен алыс болуп, витаминдери көп колдонуу кажет.

Эгерде аял киши кош бойлуу кезинде күнүнө беш убакыттан ашыкча куса турган болсо, аны адистер бөйрөк оорусу бар экендиги менен түшүндүрөт. Ошондой эле, ашыкча куса берүү, карындагы баланы суусуз калтырууга чейин алып келиши мүмкүн.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу