Кош бойлуу майып энелер эми сеп алат

Майыптыгы бар кош бойлуу жана беш айга чейинки ымыркайы бар энелерге сеп бериле баштайт. Бул долбоор Baby box деп аталып, «Абилис» фондусунун колдоосу менен ишке ашууда. Ал эми септин ичинде наристеге зарыл болгон кийим-кече, памперс, самын жана башка каражаттар салынган.  Мындай долбоордун башталганы тууралуу коомчулукка мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын «Теңдик» коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлмира Казакунова билдирди. Ал эми септи алууга катышууну каалагандар e-mail:albinaalov@mail.ru электрондук дарегине кат жолдошу керек.

Булак: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу