Кочкоров: Эч кимди ортого салган жокмун, сунуш күтүүсүз болду

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматына талапкерлиги көрсөтүлгөн Улукбек Кочкоров мындай сунуш ал үчүн күтүүсүз болгонун айтууда. Ушу тапта парламентте анын талапкерлиги талкууланып жатат.

Кочкоров кызмат сурап эч кимге кайрылбаганын, ортого киши салбаганын, өкмөт өкүлдөрү «саат 6га келип калыңыз» деп өздөрү чалганын билдирди.

Эреже боюнча, эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин кызматына талапкерди өкмөт башчы сунуш кылып, парламент бекитет.

44 жаштагы Улукбек Кочкоров Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышында «Ата Журт» партиясынан депутат болгон. Былтыр президенттик шайлоодо да ат салышкан. Учурда «Жаңы доор» саясий партиясын жетектейт.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин жана анын орун басарларынын орду 11-октябрдан бери бош турат. Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин жетекчилеринин чет өлкөлөргө өзүм билемдик менен барган саякаттарын текшерүүнү сунуш кылган. Башкы прокуратура алар премьер-министрден уруксат албай, дипломатиялык паспортту колдонуу менен чет жактарга бир нече ирет барганын ырастаган.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу