Кочкоров жакшы жышаанды баштады…

Бүгүн, 19 ноябрда, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде кезектеги аппараттык жыйын өттү. Анда министр Улукбек Кочкоров борбордук аппараттын жетекчилерине өткөн жумада Ош облусуна болгон иш сапары тууралуу толук маалымат берип, кайсыл көйгөйлүү маселелерге көбүрөк көңүл буруу керектигин айтты. Муну менен бирге ал жыйынга чакырылган КРнын Эмгек жана социалдык өнүгүү экс-министри Кудайберген Базарбаевдин бир топ жылдар бою жооптуу мамлекеттик кызматтарды аркалап, үзүрлүү, талыкпас ак ниет менен аткарган эмгегинин натыйжасында ийгиликтер жаралганын баса белгиледи. Министр жакынкы арада мурда иштеп кеткен жетекчилердин курамынан атайын Совет түзүлөөрүн билдирип, анын ичинде Кудайберген Базарбаевич да бар экенин маалымдады. “Сиз бул тармакта бир нече жыл эмгектенип келдиңиз, Сиздин тажрыйбаңыз, кеп-кеңешиңиз, маанилүү сунуштарыңыз бүгүнкү күндө министрлик иш алып барган калктын аярлуу катмарынын татыктуу жашоосуна зор салым болооруна терең ишенем”, — деди У.Кочкоров.
Өз кезегинде Кудайберген Базарбаев, чоң үмүт жана ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, ар дайым кызматташууга даяр экенин айтты.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу