Кочкорлуктардын курчоосунда калган ажо

Азыркы мезгилде, жогорку кызматта бийик креслолордо бекем олтурган, ажонун тегерегинде, аны курчап алгандардын көбү Нарын облусунун Кочкор районунун кыйын чыкмалары экен.

Мисалы, мамлекет башчынын “оң колу”, учурдагы Президенттин администрация башчысы мураскерге негизги талапкер Сапар Исаков.

Алмазбек Атамбаевдин учурдагы кеңешчиси, мурунку жолдорду жана жолдордо жүрүп жаткан унааларды эмес, иштерди тейлеген транспорт министри Калыкбек Султанов, ал кишинин дагы келечеги кең, мураскер болуп калышы ыктымал деген сөздөр эл арасында байма-бай айтылып жүрөт.

Кочкор жергесинин жогорку жагынан чыккан дагы бир чоң кызматкер –Махаммедкалый Абылгазиев, ал өкмөттү экинчи кишиси, азыркы кызматка чейин бир топ жылдары Социалдык фондду тейлеп келген, карьерасы ошол системана өстү, анын бат-бат секириктерди жасашына учурунда азыр бийликсиз жүргөн Ахматбек Келдибеков  жардам берген.

Дагы бир жогорку кызматтагы кочкорлук аткаминер — Алмаз Кулматов. Ал кишини мамлекет башчы, КР президентинин аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындады. Алмаз Кулматов менен Мухаммедкалый Абылгазиев айылдаш, экөө тең Дөң-Алыш айылынан болушат, Кулматовдун жакын эле тууганы учурда жердин астындагы темир тордун ары жагында олтурган Бекболот Талгарбеков болот, Алмаз Окинович оппозициядан алыс болсо дагы, анын тегерегинде алар көп, мисалы ошол эле бийлик менен тирешкен “Ата-Мекен” партиясынын депутаты Каныбек Иманалиев анын  жездеси болот.

Ал эми Ирсалиевдер учурда расмий бийликте болбосо дагы, алар Атамбаев менен үзөңгүлөш, мисалы, ошол эле “элдик кошуун” дегендердин бирин Рахатбек менен Дүйшөндүн бир тууганы Канат Ирсалиев жетектейт, ал киши бир топ убакыт Кыргызагрокорпорацияны башкарып келген.  Ал  эми анын иниси Рахат ИрсалиевКСДПан депутат болгон, анын агасы Дүйшөн Ирсалиев чоң-чоң жумуштарда болгон, соңку кызматы – Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусу (2014-2015).

Булак: Искра.кг

Аргумент.kg
Жооп калтыруу