Кочкордо автоунаа аласалып кетип, 5 киши жабыркады

Нарын облусунун Кочкор районунда «Субару Легаси» автоунаасы аласалып кетип, 5 киши жабыркады.

Өзгөчо кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирген боюнча, жол кырсыгы Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 180 чакырымындагы Сары-Чат тилкесинде болгон. Аталган тилкеде айдоочу автоунааны башкара албай, машина аласалып кеткен.

Кырсык болгон жерге 3 куткаруучу тартылып, жабыркаган жүргүнчүлөр аман-эсен куткарылган. Жабыр тарткандар тез жардам кызматынын дарыгерлерине  откөрүлүп берилген.

Булак:  maralfm.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу