Кофе жүрөккө пайдалуубу же зыянбы?

Кофеин – суусундугу организмге эң көп таасир бере турган зат. Дарыгерлердин айтуусу боюнча, кофеинди 100 пайыз өлчөмдө пайдаланууга болбойт, анткени ал өтө зыян. Кофеин адам психикасына таасир берген зат болгондуктан, ал ортоңку нерв системасына таасирин тийгизип, уйкусуздук менен энергияны азайтат. Жана кофе жүрүктүн жумушун тездетип, ошону менен бирге кан-тамырларды кеңейтүү аркылуу кан басымдын көтөрүлүшүнө алып келет. Ошондуктан бул суусундукту жүрөк, кан-тамыр оорулары менен ооругандар абайлап ичүүлөрү керек.

Кофе ашказан жумушун тездетет, ошого байланыштуу дарыгерлер кофени ач карынга ичүүгө тыюу салышат.

Даяр болгон суусундуктагы кофеиндин өлчөмү ошол кофенин талына же дандын даярдалышына байланыштуу өзгөрөт. Жалпы эки негизги сортко бөлүнөт: «арабика» жана «робуста».

Дагы белгилей кетчү нерсе, өлчөмгө катуу көңүл бөлүү кажет. Эгер сиз күнүнө үч стакан кофе ичсеңиз, анда ден-соолугуңузга санаа тартпасаңыз болот. Эгер күнүнө төрт-беш жолу ичсеңиз, анда сизде уйкусуздук пайда болот, адамда агрессивдүү белгилер байкала баштайт. Күн өткөн сайын ичүүнү көбөйтпөгөн оң. Окумуштуулар жети стакандан ашык ичүүгө тыюу салышат, себеби ал организмди терс таасир берүүсү мүмкүн. Тактап айтсак, мээнин жумушунун активдүулүгүн төмөндөтөт, же тескерисинче ачууланып, жиндене баштайт.

Ага карабастан, кофе чарчаңкы абалды жоюп, депрессия учурунда пайдасы мол. Тагыраагы серотонин гармону аркылуу адамга бакыт, кубаныч, өз-өзүнө ишенимдүүлүк тартуулайт. Изилдөөлөрдүн натыйжасына таянсак, психологго аз барган адамдар, алар кофени көп ичкендер экен. Жана антидепресанттарды колдонушары аныкталды. Кофени ичүүнү тез токтоткон адам уйкучулдукка, алсыздыкка, өз-өзүнө ишенимдүулугүн жоготууга алып келет.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу