«КОСМОСТОН» түшкөн Космосбек

Оозуңа чак келгис акчага жол тандабас минип, министр экенин билгизген, бирөолөрдун бир жерин оорутуп саламаттыгына сак тийгизген Космосбектин «ит» жоругу ошол бойдон жоголуп тынды окшойт. Текшерип, тишинин кирин соргон Кыргызстандын тикелей элдик акчасына анын байдын эрке талтаңындай кылган жоругуна жолуң болгур бийлик бирдеме деп койгонго жараган жок. Анан кантип ачууң келбесин.  Кызыгы, Министр Космосбек Чолпонбаев 28 жылдан бери «Кыргыз ССРинин Саламаттыкты сактоо министерствосу» жок экенин эми туюп же айып пулдун эсебинен жарнагын оңдотууну да көздөп жүрөбү? Медициналык тез жардам берүүнүн материалдык -техникалык баасы «Коопсуз шаар» долбооруна түшкөн айып пулдун негизинде жаңыртылат экен.  Медициналык тез жардам берүүнү жаңыртуу турмуштун шарты, бирок «Коопсуз шаарга» шылтоолоп айдоочуларга жөнү жок айыппул салып жаткан жокпузбу?  Айдоочулар да «Коопсуз шаарга»  нааразы болуп жатышат, анткени эптеп ижара менен айдап акча таап  үй-бүлөөсүн багып жүрүшсө, айып пулга төгүп акчаларынан айрылып жатышат. Алардын айыппулунун негизинде мамлекетибиз оңолуп кетпейт. Андан көрө дарыканадагы коррупцияны жойсо жакшы болмок. Сак саламат болуңуз, доктор Космос мырза. Сиздин саламаттыгыңыз үчун «айып пулду» шордуу эл төлөсүн,  жок дегенде ошол элдин саламаттыгы үчүн бирдемени кылып бере аласаңыз кана?

Булак: Факты кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу