Косметиканы кантип тандаш керек?

Косметика тандоо учурунда көңүл бөлүүчү нерселерди сунуштайбыз:

1. Косметика сатып алуу учурунда консерванты жок косметикаларды алганыңыз жөн. Эгер косметикада “Paraben free” деген жазуу болсо консервантты жок деген сөз. Консервантты бар косметикалар аллергия, безеткини пайда кылат.

2. Чачка арналган гель же ар түрдүү шампунь, бальзамдардын силиконсуз түрүн пайдаланууга тырышыңыз. Мындай шампуньдарда “silicone free” деген жазуу болот.

3. Упанын курамында тальк болсо сиздин ден-соолугуңузга кооптуу. Себеби магнезия силикатынан жасалган тальк өпкөнүн зыяндуу шишигине алып келет. Эгер упада “talk free” жазуусу бар болсо коопсуз болуп саналат.

4. Жаныбарлардын майы (Animal Fat) майлуу карандаш, эринге арналган помада жана башка майлуу боёктордун курамында болот. Жаныбарлардын майы бактериялардын көбөйүүсүнө себепчи болот. Жугуштуу ооруларды туудурушу мүмкүн.

5. Тоналдык кремдер “mineral oil” жазуусу болсо, нефтен жасалганын билдирет. Мындай крем териде пленка түзүлүп, клеткалардын дем алуусуна тоскоолдук жаралып, бүтөлүп калуусуна алып келет. Анын кесепетинен бетке безетки, аллергия пайда болот.

6. Киpпик сурмамсын сатып алып жатканда “fiber free” жазуусу барын алганыңыз оң. Бул силиконсуз жана сапатуу, көзгө зыяндуулугу төмөн сурма экенин билдирет. Сулуулук, кооздук, асемдүүлүк заман талабына шай өзгөрүп турарын эске алсакта, табигый сулуулук ар дайым жасалма сулуулуктан өйдө турары чындык.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу