Коррупция: АКСке кулак кагыш! Окугула, окугула алтындарым….

АКСке кулак кагыш! Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги коррупцияга белчесинен батканбы?

Жакында гана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштууАрхитектуракурулуш жана турак жайкоммуналдык чарбамамлекеттик агенттиги Жогорку Кеңеште отчет бериштиАлардынберген отчетторуна эл өкүлдөрү канааттанган жок.

Аталган тармактын директору даярдыгы жок барганы ашкереленип, эл өкүлдөрү тарабынан ачуу сынга кабылды. Борборду пландаштыруу боюнча курулуучу имараттардын же схемасы жок, же макети жок келишип, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна ооз эки жооп берүүгө далалат жасашты. Эми ушул кантип болсун, Жогорку Кеңешти сыйлабагандык болуп жатпайбы биягы, жаш баланы соороткону келгендей эле келиптир да. Ошону менен бирге бул тармактагы айрым коррупциялык механизмдер тууралуу да сөз болду.

Эмесе сөз башынан болсун. Негизи эле өлкөбүз эгемендүүлүктү алгандан бери бул тармакта коррупция кулачын кенен жайыптыр. Борбор калаабыздын инфраструктурасын өнүктүрүүгө өбөлгө болуп берген бул тармак, шаарыбызды кооздобой эле кордоп жатканы бештен белгилүү. Канчалаган имараттар курулуп жатат, бирок көпчүлүгү стандартка туура келбээрин коомчулук байма-бай айтып келет. Мисалы илгери имараттарды, көп кабаттуу турак жайларды кураардын алдында ал жердин ген планын түзүп, жашоочуларга ыңгайлуу болуусу үчүн унаа токтотуучу жайларды, балдар ойноочу аянтчаларды жана парк скверлерди сөзсүз камтышаар эле. Анан дагы шаардын көркүн чыгара тургандай ылайыкталып курулуп келген. Ал эми бүгүнкү күндө бул нормалар камтылбай, эптеп тигинен тургузууга ылайыктуу жер болсо эле болду, имараттар курула берет. Шаар тургундары үчүн ылайыктуу шарттар каралбай калды.

Эмнеге мындай мүчүлүштүктөр орун алып жатканынын бирден-бир себеби бул коррупция десек туура болчудай. Анткени учурда МамКурулуш агенттиги коррупцияга белчесинен баткан мекемеге айланып калганы коомчулукта айтылып эле келет.

Мамлекеттик Курулуш агенттигинин директору Бакыт Абдиев бул тармактагы коррупцияны жойгондун ордуна, өзү баш болуп коррупцияга сүзүп кирип кеткени айтылууда. Бакыт Абдиев буга чейин Бишкек шаарынын башкы Архитектору кызматын аркалап келген. Ал бул тармакка келгени ар-кайсы жетекчи орундарга өзүнүн ишенимдүү адамдарын дайындап жатканын эшиттик. Мамлекеттик курулуш агенттигине караштуу ГПМдин башчысы Жыргалбек Асаналиев дал ушул Бакыт Абдиевдин ишенимдүү адамы катары байма-бай айтылып келет. Бул маалыматтын кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бардай. Жыргалбек Асаналиев мурда дагы ушул тармакта иштеген, ошол учурда Асаналиевге башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгону маалым. Анан капыстан эле кылмыш жообуна тартылган Асаналиев кайра мурдагы кызматына келип калса таң калбай койбойт экенсиң. Балким Абдиев атайы Асаналиевди ушул кызматка коюп мурда жасаган былык иштеринин артын тазалоо үчүн алып келген чыгаар деген ой келет.

Бул тармактагы коррупциялык иштердин схемасы:

1) Курулуш компанияларына Лицензия берүүдө. Мыйзамга ылайык Курулуш компаниялары Лицензия алуу үчүн, тиешелүү нормалардан өтүшү керек. Бирок баардык нормаларга жооп берген күндө деле Лицензия жөн гана бериле бербейт экен, ставканы бермейин Лицензия берилбейт. Учурда эч кандай нормаларга жооп бербеген айрым курулуш компаниялары, сол чөнтөккө берилүүчү ставканы берип коюп Лицензия алып, иш алып барып жаткан учурлар бар экен.

2) Мамлекеттик проекттерди түзүп жатканда официалдуу түрдө 10 кабат имарат курулат деген жалпы жобону көрсөтүп, ал эми иш жүзүнө келгенде имарат куруучу инвесторлор менен жең ичинен сүйлөшүп 15-20 кабатка чейин имараттарды курууга уруксат берип коюшат экен. Бул жерде эбегейсиз акча жасалып жатпайбы түшүнгөн кишиге. Мындай аракеттери менен шаардын долбоорлорун ойду-келди сатууга өбөлгө түзүлүп жатат. ПДП негизи шаардын келбетине жооп берүүчү орган болуп саналат. Бул орган шаардын келбетине, архитектуралык стандартына эмес, бир ууч топтун калтасына кызмат кылган органга айланып калыптыр.

3) Курула турган имаратты Экспертизадан дагы жөн эле өткөрбөстөн, андан дагы ар-кандай шылтоолорду таап, акыры ары тартып, бери тартып жатып жеке ставканы алып тынган соң, уруксат берилет экен. Экспертиза- алдын ала түзүлгөн долбоорго официалдуу баа берүүчү орган. Баса, Абдиев бул тармакка да өзүнүн таанышын алып келип койгону айтылууда.

4) Курулушту баштоодон мурда Эскиздик корретировкадан өткөрүү абзел. Мисалы өздөрү алдын ала Эскиздерди жасап алышып, баарын тууралап, келген инвесторлорго ошол эле эскизди жарабайт деген шылтоо менен, жогорудагыдай жеке сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен кайра уруксат беришет. Ошентип көгөрүп болбойт деп жаткан иш ишке ашып калат. Кызыл Линия деген шылтоо менен да пул жасап келишээрин кулагыбыз чалып калды. Мисалы туурасы 4 метр, узуну 40 метр болгон жерди кызыл линия деп көрсөтүп, аныгында ал жер кызыл линия эмес, бирок ошондой шылтоо менен акыры келип ал жерди дагы сатышат. Элестетип көргүлө билинбеген менен канча сотых жер жең ичинен берилип кетип жатканын. Шаар ичинде 1 сотых жер бүгүнкү күндө болжол менен 60 миң долларды чапчыйт.

5) Бул стадиялардан өткөн соң Курулушчулар Бишкек шаардык башкы Архитектурасына дагы өзүнчө жем болушаары каңкууланып келет. Анткени акыркы жыйынтыктоочу уруксат кагазын Архитектура берет эмеспи.

6) Шаардык, облустук жана райондордун башкы архитекторлорун каалагандай калчашып, ротация деген шылтоо менен ар-биринен 10 миң, 15 миң доллар ставка алып дайындап жатканы айтылып жүрөт. Жакшы иштеп жаткан бирок калтасы жука архитектор капыстан эле кызматынан алынып калганын түшүнбөй аң-таң болуп жатып калат имиш.

Ушул келтирилген жүйөлөрдүн жана коррупциялык иштердин ана башында Мамлекеттик Курулуш Агенттигин башчысы Бактыбек Абдиевдин аты аталып келет. «Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» демекчи, мындай маалыматтар жөн эле чыга бербестир. Өткөндө Өкмөт башчы Сапар Исаков дагы бул тармактын башчыларына эскертүү берген эле, кечээ жакында Жогорку Кеңештен дагы тил угуп эскертүү алышты. Жогоруда келтирилген маалыматтар боюнча УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын Директору Сагынбек Исмаиловко кулак кагыш. Ушул тармактагы жүрүп жаткан эбегейсиз коррупциянын бетин ачуу боюнча ыкчам иликтөө иштерин баштасаңыз, бир топ чуулгандуу коррупциялык системанын бетин ачууга өбөлгө түзөсүз. Бул тармакты коррупционерлерден тазалап, чыныгы адистерди алып келүү бүгүнкү күндүн талабы. Бул тармактагы ууруларды жок кылмайын шаарларыбыздын өсүп-өнүгүүсү күмөн.

Президент Сооронбай Жээнбеков Коргоо кеңешинин жыйынында да дал ушул коррупция менен аёсуз күрөшөөрүн убадалады. Андыктан бул тармактагы коррупционерлер жана коррупциялык механизмдер жакынкы күндөрү ачыкталат деген ишеничтебиз.

Биз дагы учурда ушул тармактагы коррупция боюнча журналисттик иликтөө баштадык, алдыда дагы бир топ чуулгандуу материалдарды казып чыгып, коомчулукка жарыялайбыз.

Жайсанбек Кыштообаев

Аргумент.kg
Жооп калтыруу