Коррупциялык кылмыш иштеринен 6 млн. сомго жакын каражат өндүрүлдү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) коррупционерлерден өндүрүлгөн акча үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке дагы 5 млн. 893 миң 330 сом которду. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

Бул сумманын 3 млн. сомдон ашыгыраагы Ысык-Көл облусундагы “Кумтөр оперетинг компани” ишканасына транспорттук кызмат көрсөткөн “Ф.Т.” фирмасы жашырган салык болуп саналат. Аталган фирмага кылмыш иши козголуп, төлөбөй койгон салык толук өндүрүлгөн.

Мындан сырткары 1 млн. сомдон ашык сумма “Ш.К.” аттуу курулуш фирмасы Тоң районундагы социалдык объектилерди курууда кымырып алган каражат болуп саналат. Калган каражаттар башка кылмыш иштери боюнча өндүрүлгөн.

Ушуну менен атайын эсепке УКМК 149 миллион 493 миң 330 сом которду.

Президент Сооронбай Жээнбеков жемкорлордон өндүрүлгөн акчаны топтоо үчүн эсеп ачууга буйрук берген. Өкмөттүн токтому менен 3-июлда Финансы министрлигинин карамагында Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Финансы министрлигинин 16-сентябрга карата берген маалыматына ылайык, Бирдиктүү депозиттик эсепке 395,5 млн. сом түшкөн. УКМКдан сырткары бул сумманын 161 млн. 630,4 миң сомун Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финполиция) которгон. Башкы прокуратура 87 млн. 881,7 миң сом жана Ички иштер министрлиги 1 млн. 15,5 миң сом төккөн.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу