Коррупциядан түшкөн акча боюнча эсеп ачылат.

«Укук коргоо органдарынын ишмердигинин натыйжасында келтирилген зыянды калыбына келтирүүдөн түшкөн каражаттары жөнүндө» Өкмөттүн токтомунун долбоору жакынкы күндөрү Өкмөттүн Аппаратына киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдөн жана аларга карата өкүмдөрдү аткаруудан өндүрүлгөн акча каражаттарын эсепке алуу, сактоо жана андан аркы пайдалануу үчүн атайын банктык эсепти ачуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырган.

Атайын эсептин ачылышы укук коргоо органдары тарабынан алардын ишинин натыйжасында бардык акча каражаттарын топтоо мүмкүнчүлүгүн түзөт, ошондой эле аларды өкмөттүн чечиминин негизинде гана даректүү бөлүштүрүүнү камсыздайт.

Атайын эсептин ачылышы көрсөтүлгөн акча каражаттарын эсепке алуу жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, коррупцияга каршы механизмдерди сапаттык жакшыртууга багытталган.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу